Чүй облусунун Сокулук районунун Селекция айылында жайгашкан мурдагы бала бакчанын имаратын Орок айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө
Жергиликтүү деңгээлде мектепке чейинки билим берүү системасынын натыйжалуу иштеши жана аны өнүктүрүү максатында, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айылдык кеңешинин 2018-жылдын 25-майындагы № 7/18 токтомун көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институтунун балансынан Чүй облусу, Сокулук району, Орок айыл аймагы, Селекция айылы, Кипкалов көчөсү,
5 “А” дареги боюнча жайгашкан мурдагы бала бакчанын имаратын аянты 4113,5 квадрат метр болгон жанаша жер участогу менен билим берүү максатында пайдалануу үчүн Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
2. Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнө белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган өткөрүлүп берилүүчү объектти муниципалдык менчикке кабыл алуу жана анын сакталышын камсыздоо;
- өткөрүлүп берилүүчү объектти максаттуу багыты боюнча гана пайдалануу;
- объектти белгиленген тартипте мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү;
- өткөрүлүп берилүүчү мүлктү андан ары ээликтен ажыратпоо;
- жогоруда аталган объектти күтүүнү жана андан ары тейлөөнү жергиликтүү бюджеттин каражатынын эсебинен жүргүзүү.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө, экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев