«Кыргыз Республикасында облигацияларды чыгаруу жана жүгүртүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-июнундагы № 275 токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Облигацияларды фондулук биржада жайгаштыруу жана жүгүртүү үчүн шарттарды түзүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. «Кыргыз Республикасында облигацияларды чыгаруу жана жүгүртүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-июнундагы № 275 токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында облигацияларды чыгаруу жана жүгүртүү жөнүндө жобосуна:
- 8-пункт төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы-сегизинчи абзацтар менен толукталсын:
«- алтын менен камсыздалган облигациялар - алтын куймаларды чыгарууда эмитент тарабынан аныкталган салмакта эмитенттен алууга анын ээсинин укугун күбөлөндүрүүчү же алтын куймалардын наркын алууга алардын менчик ээлеринин укугун күбөлөндүрүүчү алтын фиксингине байланган индекстелүүчү номиналдык наркы бар эркин жүгүртүлүүчү, аты жазылган облигациялар; - алтын фиксинги - кымбат баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясы (LBMA) тарабынан белгилене турган бир троя унциясы үчүн ар күн сайын алтынга болгон баа. Алтын менен камсыздалган облигациялардын наркын эсептөөдө, ушул облигациялар боюнча операциялар өткөрүлгөн күндөн мурунку күнү LBMA белгилеген алтындын баасынын кечки фиксинги колдонулат;
- алтын менен камсыздоонун көлөмү - алтын куймаларынын ээлеринин алдында милдеттенмелерди камсыз кылуу катары алтын менен камсыздалган облигациялардын эмитенттери берүүчү алтын куймаларынын жыйындысы.»;
- 6-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы глава менен толукталсын:
«Алтын менен камсыздалган облигациялардын эмиссияларынын өзгөчөлүктөрү»
106. Алтын менен камсыздалган облигациялар алтын куймаларды жеткирүүнү караган алтынды камсыз кылуучу көлөм менен алардын ээлеринин алдындагы эмитенттин милдеттенмелери камсыздалган учурда гана чыгарылышы мүмкүн. Ээлеринин алдында эмитенттин милдеттенмелерин камсыздоодо кызмат кылган алтын менен камсыз кылуунун көлөмүнө алтын менен камсыз кылынган облигациялардан тышкары, эмитенттин башка милдеттенмелери боюнча өндүрүп алууга болбойт. Эмитент кудуретсиз (банкрот) деп табылганда алтын менен камсыздалган облигацияларды эмитент тарабынан тындыруу үчүн каралган алтын менен камсыздоонун көлөмү конкурстук массага киргизилбейт.
107. Чыгарылган облигациялардын көлөмү алтын менен камсыздалган алтын куймалар түрүндө эмитент берген алтын менен камсыздоо көлөмүнөн ашпоого тийиш.
108. Алтын менен камсыздалган облигацияларды чыгаруу жөнүндө чечимде, ачык сунуш кылуунун шарттарында жана алтын менен камсыздалган облигациялардын эмиссияларынын проспектинде алардын ээлерине номиналдык наркынан пайыз төлөө түрүндө кошумча киреше каралат.
109. Алтын менен камсыздалган облигациялардын чыгарылышын, ачык сунуш кылуунун шарттарын жана эмиссиянын проспектин мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн эмитент ушул Жобонун 37-пунктунда каралган документтерден тышкары, баалуу кагаздар рыногу боюнча расмий укуктуу мамлекеттик органга төмөнкүдөй документтер берилет: - алтындын куймасын даярдаган ишкананын сапатынын сертификаты, - алтындын куймасы түрүндө эмитент тарабынан көрсөтүлгөн алтындын сапаты тууралуу лабораториянын эксперттик корутундусу;
- алтындын куймаларын сактоодо кызмат көрсөткөн жана алардын сакталышына кепилдик берген коммерциялык банк менен түзүлгөн эмитенттин келишиминин нотариалдык күбөлөндүргөн көчүрмөсү;
110. Алтын менен камсыздалган облигацияларды чыгаруу тууралуу чечим кабыл алганда эмитент тарабынан баасы жана жайгаштыруунун баасын аныктоонун тартиби, төлөө тартиби жана түрү, кирешелерди төлөөнүн жана төлөп берүүнүн шарттары, анын ичинде мөөнөтүнөн мурда тындыруу мүмкүнчүлүгү жана шарттары аныкталат. Алтын менен камсыздалган облигациялардын баасы алтын фиксингинин негизинде алтын куймасында камтылган таза алтындын салмагына эквиваленттүү, бүтүм түзүлгөн күнгө чет өлкөлүк валютага карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы белгилеген улуттук валютада аныкталышы керек.
111. Алтын менен камсыздалган облигацияларды сатып алуу-сатуу боюнча бүтүмдөр биринчи же экинчи рынокто түзүлгөндүгүнө карабастан фондулук биржа аркылуу жүзөгө ашырылат. Алтын менен камсыздалган облигациялар менен бүтүмдөрдү жүзөгө ашырууда анын баасы алтын фиксингинин негизинде алтын куймасында камтылган таза алтындын салмагына эквиваленттүү бүтүм түзүлгөн күндөгү чет өлкөлүк валютага карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы белгилеген улуттук валютанын расмий курсу боюнча аныкталат.
112. Алтын менен камсыздалган облигацияларды, аларды эмитент тарабынан сатып алуу жолу менен, тындыруу каралган учурда эмитент тарабынан сатып алуу алтын менен камсыздалган облигацияларда көрсөтүлгөн салмактык түшүндүрүүгө эквиваленттүү алтын фиксингинен улам алтын куймасынын баасы боюнча ишке ашырылат.
113. Алтын менен камсыздалган облигацияларды тындыруу алтын менен камсыздалган облигацияларды чыгаруу тууралуу чечимде жана эмиссиянын проспектинде белгиленген шарттарга ылайык эмитент тарабынан төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлөт:
- алтын менен камсыздалган облигацияларды жайгаштыруунун жыйынтыгы боюнча отчет катталгандан кийин мөөнөтүнөн мурда тындырууда эмитент тарабынан сатып алуу тууралуу облигациялардын ээсинин жазуу түрүндөгү талаптары алынган учурдан баштап 14 календардык күндүн ичинде;
- алтын менен камсыздалган облигациялардын ээсине алтын куймасын менчикке берүү же аларды жүгүртүүгө белгиленген мөөнөтү бүткөндө облигациялардын номиналдык наркын төлөп берүү жолу аркылуу;
- баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан алтын менен камсыздалган облигацияларды ачык сунуштоо болбой калды деп таанылганда.
114. Алтын менен камсыздалган облигациялардын жүгүртүү мөөнөтү бүткөндөн кийин эмитент облигациянын номиналдык наркын төлөө же сактоо кызматын көрсөтүүчү коммерциялык банк тарабынан алтын куйма түрүндөгү камсыз кылуу көлөмүн алтын куйманы берүү жолу менен тындырууга милдеттүү.
115. Алтын менен камсыздалган облигациялардын эмитенти, эмитент тарабынан берилген алтын куймаларды сактоо боюнча кызмат көрсөтүүгө коммерциялык банк менен келишим түзүүгө милдеттүү.
116. Эмитент, алтын менен камсыздалган облигацияларды тындыргандан кийин 5 календардык күндөн кечиктирбей баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, ушул Жобонун 8-тиркемесине ылайык тындыруунун жыйынтыктары жөнүндөгү отчетту тапшырууга милдеттүү.
117. Облигациялардын бөлүгү мөөнөтүнөн мурда тындырылган учурда тындыруунун жыйынтыктары жөнүндөгү отчет ушул облигацияларды төлөө жыйынтыгы боюнча жана облигацияларды жүгүртүүнүн мөөнөтү бүткөн учурда берилет.».
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр Т.А.Сариев