КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 16 февралындагы № 69 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу   “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасында географиялык аталыштар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:  

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы администрациялык-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамында:

- тогузунчу  абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу.

 – инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу секторунун башчысы;”.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

   Премьер-министр                                                            Т.А.Сариев    

Тиркемелер

Басып чыгаруу