Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 1-июлундагы № 398 “Улуттук коргонууга, улуттук коопсуздукка, мамлекеттик сырды коргоого жана жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюуга байланыштуу товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу
Стратегиялык объекттердин иштөө маселелеринде мамлекеттин кызыкчылыгын өз убагында, толук жана сапаттуу коргоо менен Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 1-июлундагы № 398 “Улуттук коргонууга, улуттук коопсуздукка, мамлекеттик сырды коргоого жана жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюуга байланыштуу товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пункту “Бишкек машина куруу заводу” ачык акционердик коому” деген сөздөрдөн кийин “Кыргызалтын” ачык акционердик коому” деген сөздөр менен толукталсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Улуттук коргонууга, улуттук коопсуздукка, мамлекеттик сырды коргоого жана жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюуга байланыштуу товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун тартибинде:
21-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“21. Чет мамлекеттерде ишке ашырылуучу эл аралык арбитражда, чет өлкөлүк соттордо жана соттон тышкаркы териштирүүлөрдө мамлекеттик кызыкчылыкты коргоодо улуттук коопсуздукту камсыздоонун алкагында ишке ашырылуучу эл аралык арбитраждарга, чет мамлекеттердин сотторуна жана чет өлкөлүк ыйгарым укуктуу органдарга эксперттик корутундуларды даярдоо жана берүү үчүн жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле мамлекеттин кызыкчылыгын өз убагында, толук жана сапаттуу коргоону ишке ашыруу жана соттук чечимдерди же башка тараптын менчигине мажбурлап айлантуудан анын ар кандай активдерин коргоого мүмкүндүк берүүчү чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын башка чечимдерин алуу, ошондой эле ушул токтомдун 2-пунктунда аталган ачык акционердик коомдордун жана мамлекеттик ишканалардын кызыкчылыгын жана активдерин коргоо максатында арбитраждык, соттук же соттон тышкаркы предметтерге кирген же башка түрдө тийиштүү арбитраждык же соттук өндүрүшкө, же соттон тышкаркы териштирүүгө жана алардын атынан чыгууга тиешелүү маселелер боюнча башка кесипкөй кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуулар мамлекеттик сатып алууларга кирет.”;
- 5-пункту “Бишкек машина куруу заводу” ачык акционердик коому тарабынан” деген сөздөрдөн кийин “Кыргызалтын” ачык акционердик коому тарабынан” деген сөздөр менен толукталсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр Т.А.Сариев