“Хан-Теӊири” мамлекеттик жаратылыш паркын уюштуруу жөнүндө
Жаратылыштын уникалдуу комплекстерин жана биологиялык ар түрдүүлүктөрдү сактоо, сейрек жана жоголуп кетүү коркунучунда турган жаныбарлар жана ѳсүмдүктѳр дүйнѳсүн коргоо, Кыргыз Республикасынын ѳзгѳчѳ корголуучу жаратылыш аймактарын кеңейтүү максатында, Ак-Суу районунун XVI чакырылыштагы Эңилчек айылдык кеңешинин 2014-жылдын 26-августундагы X кезексиз сессиясынын; Ак-Суу районунун Эңилчек айылдык аймагынын Эңилчек айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-августундагы № 15;
Ак-Суу районунун XXVI чакырылыштагы Октябрь айылдык кеңешинин 2015-жылдын 20-июнундагы № 12 XX сессиясынын;
Ак-Суу районунун Октябрь айылдык аймагынын Октябрь айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-октябрындагы № 75;
Ак-Суу районунун XXVI чакырылыштагы, Челпек айылдык кеңешинин 2015-жылдын 1-июлундагы № 20 XXII кезексиз сессиясынын; Ак-Суу районунун Челпек айылдык аймагынын Челпек айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 8-августундагы № 26;
Ак-Суу районунун XXVI чакырылыштагы Бѳрү-Баш айылдык кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 16 XXII кезексиз сессиясынын;
Ак-Суу районунун Бѳрү-Баш айылдык аймагынын Бѳрү-Баш айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-августундагы № 20;
Ак-Суу районунун XXVI чакырылыштагы Теплоключенка айылдык кеңешинин 2014-жылдын 3-ноябрындагы № 38 XXV сессиясынын;
Ак-Суу районунун Теплоключенка айылдык аймагынын Теплоключенка айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 28-сентябрындагы № 32;
Ак-Суу районунун XXVI чакырылыштагы Ак-Булуң айылдык кеңешинин 2015-жылдын 19-июнундагы № 28 XXVIII сессиясынын;
Ак-Суу районунун Ак-Булуң айылдык аймагынын Ак-Булуң айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-октябрындагы № 50;
Ак-Суу районунун XXVI чакырылыштагы Кереге-Таш айылдык кеңешинин 2014-жылдын 28-октябрындагы № 1 XVII кезексиз сессиясынын;
Ак-Суу районунун XXVI чакырылышынын 2015-жылдын 30-сентябрындагы № 1 Кереге-Таш айылдык кеңешинин XXIV кезексиз сессиясынын;
Ак-Суу районунун Кереге-Таш айылдык аймагынын Кереге-Таш айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 11-ноябрындагы № 31 чечимдерин;
Ак-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын 2015-жылдын 24-ноябрындагы № 131 жана № 132 токтомдорун; Кыргыз Республикасынын ϴкмɵтүнүн Ысык-Кѳл облусу боюнча ыйгарым укуктуу ɵкүлүнүн 2015-жылдын 26-ноябрындагы № 471 буйругун;
жер которуу маселелери боюнча райондук комиссиянын 2015-жылдын 16-декабрындагы оң корутундусун эске алып, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” жана “Ѳзгѳчѳ корголуучу жаратылыш аймактары жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Ысык-Кѳл облусунун Ак-Суу районунда жайгашкан 275800,3 га аянттагы “Хан-Теңири” мамлекеттик жаратылыш паркы уюштурулсун.
2. Ак-Суу районунун аймагында жайгашкан 30374,1га га жер “Токой фондунун жерлери” категориясынан “Ѳзгѳчѳ корголуучу жаратылыш аймактары жерлери” категориясына которулсун жана 245426,2 га жер аянтын “Запастагы жерлер” категориясынан “Ѳзгѳчѳ корголуучу жаратылыш аймактары жерлери” категориясына которуу боюнча Ысык-Кѳл облусунун Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 2015-жылдын 24-ноябрындагы № 131 жана № 132 токтомдору эске алынсын.
3. Төмөндөгүлөр бекитилсин:
- “Хан-Теңири” мамлекеттик жаратылыш паркынын жерлеринин экспликациясы 1-тиркемеге ылайык;
- “Хан-Теңири” мамлекеттик жаратылыш паркынын чек араларынын баяндамасы 2-тиркемеге ылайык.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги:
- “Хан-Теңири” мамлекеттик жаратылыш паркы жөнүндө жобону иштеп чыксын жана бекитсин; - республикалык бюджеттен тиешелүү жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине бөлүнгөн каражаттардын чектеринде “Хан-Теңири” мамлекеттик жаратылыш паркынын ишин каржылоону камсыз кылсын;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык “Хан-Теңири” мамлекеттик жаратылыш паркынын аймагын функциялык чөлкөмдөштүрүүнү жүргүзсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жана Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясы жер-каттоо документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр Т.А.Сариев