Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Новопокровка айыл аймагында жайгашкан Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусунун жерлерин “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер институтун куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4 жана 20-беренелерине ылайык, жерлерди которуу боюнча райондук комиссиянын 2015-жылдын 3-сентябрындагы корутундусун, Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Новопокровка айылдык кеңешинин кезексиз XVII сессиясынын 2015-жылдын 7-сентябрындагы № 58/XVII-26 токтомун, Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылдык аймагынын Новопокровка айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-сентябрындагы № 117 чечимин, Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын 2015-жылдын 8-сентябрындагы № 185 жана 2015-жылдын 30-декабрындагы № 327-б буйруктарын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын сунушун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Новопокровка айыл аймагында жайгашкан Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусунун жалпы аянты 20,0 га кайрак айдоо (мелиоративдик даярдоо жерлери) жерлерин “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер институтун куруу үчүн которулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жана Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясы жерди эсепке алуу документтерине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизишсин.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитети ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну камсыздасын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө, уюштуруу-инспектордук иштер жана өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр Т.А.Сариев