Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айыл аймагындагы Кайтпас айылында жайгашкан объекттерди мамлекеттин менчигине кабыл алуу жана аларды муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө
Мамлекеттик мүлктү натыйжалуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1994-жылдын 12-январындагы №1404-XII токтому менен ратификацияланган 1992-жылдын 9-октябрындагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин ортосундагы өз ара укуктарды таануу жана менчик мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө макулдашуунун жоболоруна, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте:
- Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айыл аймагынын Кайтпас айылында жайгашкан, мурда Өзбекстан Республикасынын төмөнкү ишканалары пайдаланып келген имаратты жана курулуштарды жер участогу менен мамлекеттик менчикке кабыл алсын:
Фергана транспорттук техника башкармалыгынын № 1 автотранспорт колоннасы;
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргоосунун “Фергананефть” объектиси;
“Фергананефть” № 4 автобазасы;
- жогоруда аталган объектилерди Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айыл аймагынын айыл өкмөтүнө муниципалдык менчикке өткөрүп берсин.
2. Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кыргыз-Кыштак айыл аймагынын айыл өкмөтүнө белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган объектилерди муниципалдык менчикке кабыл алуу, наркын баалоону жана мамлекеттик каттоону жүргүзүү;
- алардын сакталышын камсыз кылуу жана айыл аймагынын муктаждыгына жана керектөөсүнө жараша социалдык инфраструктураны өнүктүрүүдө объектилерди пайдалануу.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы белгиленген тартипте ушул токтомдун 1-пунктунда аталган объектилерге менчик укугун Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айыл аймагынын айыл өкмөтүнө каттоону жүргүзсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү ушул токтомдон келип чыгуучу уюштуруу чараларын көрсүн, тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көмөк көрсөтсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө, уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр Т.А.Сариев