КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 10 февралындагы № 53 токтому

2016-жылдагы дем алыш күндөрүн которуу жөнүндө 

 2016-жылдагы дем алыш жана иш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 13-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:   

1. Эки дем алыш күнү бар беш күндүк иш жумасынын графиги боюнча иштеген уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери   үчүн 2016-жылдын 5-мартындагы жана 2-майындагы дем алыш күндөрү тиешелүү түрдө 2016-жылдын 7-мартындагы жана 6-майындагы иш күндөрүнө которулсун. 

2. Жыл сайын ай календары боюнча аныкталуучу “Орозо айт” жана “Курман айт” мусулмандар майрамдары иш эмес майрам күндөрү болуп саналат. 

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.   

Премьер-министр                                                               Т.А.Сариев

Тиркемелер

Басып чыгаруу