Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 257 жана 287-беренелерине ылайык келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-апрелиндеги № 234 “Кыйыр салыктар боюнча салык отчетунун, товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздын, акциздик товарларды алдыдагы алуу, товарларды ташып келүү (ташып кетүү) жөнүндө кабарлоонун формаларын жана аларды толтуруу тартиптерин бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 1-пунктунда:
“DOC” аббревиатурасы “FORM” аббревиатурасына алмаштырылсын; төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
“- товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө мурда берилген арызды кайра алуу жөнүндө билдирүүнүн формасы (FORM STI-137), 7-тиркемеге ылайык”;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген 1-тиркеме ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын; - жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2-тиркемеде:
6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “Отчеттогу жана анын тиркемелериндеги көрсөткүчтөр математикалык эрежелер боюнча тегеректелип сом менен көрсөтүлөт (50 тыйындан аз көрсөткүчтөрдүн мааниси азыраак жагына тегеректелет, 50 тыйын жана андан ашык көрсөткүчтөр сомго чейин тегеректелет).”;
28-пункттун экинчи абзацындагы “358” цифрасы “399” цифрасы менен алмаштырылсын; 29-пункттун экинчи абзацындагы “408” цифрасы “409” цифрасы менен алмаштырылсын; 30-пункттун экинчи абзацындагы “908” цифрасы “909” цифрасы менен алмаштырылсын.
51-пункттун төртүнчү абзацы “(FORM STI – 062-003)” деген аббревиатурадан жана цифралардан кийин “салык салынуучу жеткирип берүүлөрдү түзүү үчүн пайдаланылбаган материалдык ресурстарды эсепке албаганда” деген сөздөр менен толукталсын; төмөнкүдөй мазмундагы 61-1 жана 61-2-пункттар менен толукталсын:
“61-1. 357-сапта импорттолгон электр энергиянын наркы көрсөтүлөт.
61-2. 358-сапта банктык жабдуулардын наркы көрсөтүлөт (банкоматтардын, POS-терминалдардын, төлөм терминалдарынын жана банк киоскторунун).”;
62-пункттагы “357” жана “356” цифралары тиешесине жараша “398” жана “358” цифралары менен алмаштырылсын. 63-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“63. 399-сапта Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 257, 258, 2581, 259-беренелерине жана/же эл аралык келишимдерге ылайык КНСтен бошотулган импорттун жалпы наркы көрсөтүлөт. Бул сапка 350-398-саптардын маанилеринин жыйынтык суммасы киргизилет. 399-саптын көрсөткүчү Отчеттун 052-уячасына (FORM STI-123) көчүрүлөт.”. төмөнкүдөй мазмундагы 741-пункт менен толукталсын:
“741. 408-сапта Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 37-беренесине ылайык чийки мунайга жана битуминоз материалдардан алынган чийки мунай продуктуларына салынуучу акциз салыгынын жыйынтык суммасы көрсөтүлөт. “Салык салынуучу көлөм” графасында маалыматтарды көрсөткөндө чийки мунайдын жана битуминоз материалдардан алынган чийки мунай продуктуларынын көлөмүн тонна менен көрсөтүү керек.”; 75-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “75. 409-сапта 401-408-саптарда көрсөтүлгөн, эсептелген акциз салыгынын суммаланган жыйынтыгы көрсөтүлөт. “Салык салынуучу көлөм” графасынын жыйынтык маанилери өлчөө бирдигине (миң даана, даана, килограмм, литр, тонна) жараша көрсөтүлөт.”. 76-пункттагы “409-411” цифралары “410-412” цифралары менен алмаштырылсын. 77-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“77. 410-412-уячаларды толтурууда отчеттук айдагы маалыматтарды көрсөтүү керек. 410-уячада отчеттук мезгилдин ичинде депозиттик эсепке төгүлгөн акциз салыгынын суммалары көрсөтүлөт. 411-уячада мурда депозиттик эсепке төгүлгөн жана алар боюнча акциздик продукциянын экспортун ырастаган тиешелүү документтерди берүү мөөнөтү бүткөн, жана экспортту ырастоочу документтери берилбеген акциздин суммасы көрсөтүлөт. 412-уячада акциздик продукциянын экспортун ырастаган тиешелүү документтер берилген отчеттук мезгил боюнча акциздин суммасы көрсөтүлөт.”;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген 3-тиркеме ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын; - жогоруда аталган токтом менен бекитилген 4-тиркемеде: бүткүл тексти боюнча “DOC” аббревиатурасы “FORM” аббревиатурасы менен алмаштырылсын; 16-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“16. Арызды электрондук форматта толтурган учурда 001-уячада “X” түрүндөгү белги коюлат:
1) эгерде Арыз календардык айда биринчи жолу берилип жатса, белги “Алгачкы” уячасына коюлат;
2) эгерде, мурда ушул эле салыктык мезгил үчүн Арыз берилген болсо, бирок кандайдыр бир так эместиктер же каталар табылып, алар берилип жаткан такталган Арызда оңдолсо, белги “Такталган” уячасына коюлат. Арыздын электрондук түрүн толтурууда 001-уячада отчеттун статусуна ылайык келүүчү маанилердин бири киргизилет:
“0” (нөл) - алгачкы, “1” - такталган. Арызды кайрадан тактаган учурда такталган Арыздын электрондук форматында Арыздын тактоолор киргизилүүчү “номер” жана “дата” графаларында такталган акыркы Арыздын номерин жана датасын көрсөтүү зарыл. Мисалы: биринчи такталган Арызда алгачкы Арыздын номерин жана датасын көрсөтүү зарыл, экинчи такталган Арызда - биринчи такталган Арыздын номерин жана датасын, үчүнчү такталган Арызда - экинчи такталган Арыздын номерин жана датасын, ошентип ар бир кийинки тактоодо мурунку такталган Арыздын номерин жана датасын көрсөтүү зарыл.”;
37-пункттун 3-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын. - жогоруда аталган токтом менен бекитилген 5-тиркеме ушул токтомдун 4-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген 6-тиркеменин 11-пунктунун 2-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
“Такталган” белгисин тандаган учурда Кабарлоодогу жогорку сол бурчунда жайгашкан тиешелүү графаларды:
алгачкы Кабарлоонун датасын жана алгачкы Кабарлоонун номерин толтуруу зарыл. Эгер “Алгачкы” белгиси тандалса бул графалар толтурулбайт.”; -
токтом ушул токтомдун 4-тиркемесине ылайык редакциядагы 7-тиркеме менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-октябрындагы № 699 “Отчеттуулук формаларын жана аларды толтуруу жана берүү тартиптерин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: - жогоруда аталган токтом менен бекитилген 9-12-тиркемелерде бүткүл тексти боюнча: “FORM STI-135” деген аббревиатура жана цифралар “FORM STI-138” деген аббревиатура жана цифралар менен алмаштырылсын; “FORM STI-136” деген аббревиатура жана цифралар “FORM STI-139” деген аббревиатура жана цифралар менен алмаштырылсын; “FORM STI-136-001” деген аббревиатура жана цифралар “FORM STI-139-001” деген аббревиатура жана цифралар менен алмаштырылсын; “FORM STI-137” деген аббревиатура жана цифралар “FORM STI-140” деген аббревиатура жана цифралар менен алмаштырылсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр Т.А.Сариев