КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 12 февралындагы № 64 токтому

Тарых жана маданият жылын даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын кызматкерлеринин штаттык санын жана эмгек акы төлөө шарттарын бекитүү жөнүндө  

 Тарых жана маданият жылын даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекцияга (мындан ары - Мамдирекция) жогорку квалификациялуу кызматкерлерди тартууга багытталган эмгек акы төлөөнүн натыйжалуу системасын түзүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана  17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:  

 1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

 - Мамдирекциянын кенже тейлөөчү персоналды эсепке албастан, 19 штаттык бирдиктеги штаттык саны; - Мамдирекциянын кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмү 1-тиркемеге ылайык. 

2. Мамдирекциянын кызматкерлерине төмөнкүлөр белгиленсин: 

- кызматтык маяналарына төмөнкүлөр үчүн кошумча акылар төлөнөөрү: иштеген жылдары үчүн 2-тиркемеге ылайык өлчөмдө; ченемделбеген жумуш күнү үчүн - 50 пайызга чейинки өлчөмдө; аткарылуучу иштердин татаалдыгы жана сапаты үчүн  - 25 пайызга чейинки өлчөмдө; - өргүүгө чыгууда ден соолугун чыңдоого жөлөкпул эмгек акынын эки айлык фондусунун өлчөмүндө төлөнөөрү; 

-  календарлык жылдын аягында - орточо айлык эмгек акы фондусунун өлчөмүндө он үчүнчү эмгек акы төлөнөөрү. 

3. Мамдирекциянын жетекчисине жыл ичинде үнөмдөлгөн эмгек акы фондусунун каражаттарын эмгектеги жогорку жана сапаттуу натыйжалары, кесиптик жана чыгармачылык демилге көтөргөндүгү үчүн жарым жылдагы жана бир жылдагы  ишинин жыйынтыгы боюнча орточо эки айлык эмгек акысынан ашпаган өлчөмдө дем берүүчү төлөөлөргө жумшоого укук берилсин.   

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.    

 Премьер-министр                                                              Т.А.Сариев 

Тиркемелер

Басып чыгаруу