Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 78 “Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылууда аялдардын ролу жөнүндө 1325-резолюциясын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планын бекитүү тууралуу” токтомун күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 78 “Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылууда аялдардын ролу жөнүндө 1325-резолюциясын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планын бекитүү тууралуу” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А.Сариев |