“Борбордун статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын вице-мэри Рыскулова Агуль Маратбековнага шаардын жаңы мэри шайланганга чейин Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруу тапшырылды. Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев кол койгон.