Товарларды чыгарууга байланышкан иш-аракеттерди жасагандыгы үчүн жыйымдарды төлөөдөн бошотуу тууралуу
Кыргыз Республикасын Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш тарабынан жактырылган “Шайлоо процессинин моделин” пайдалануу менен 2015-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону ачык өткөрүүнү камсыздоо максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын 2-главасынын 2.4-пунктун жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 22-майындагы № 109 “Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча иш-чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 188-беренесинин 3-бөлүгүнүн 8-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы үчүн арналып Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келүүчү, тиркемеде көрсөтүлгөн жабдууларды жана материалдарды бажылык тариздөө товарларды чыгарууга байланышкан иш-аракеттерди жасагандыгы үчүн жыйымдардан бошотуу менен жүргүзүлөөрү белгиленсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр Т.А.Сариев
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы үчүн арналып Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келүүчү жабдуулардын жана материалдардын тизмеги
№ | Жабдуунун аты | Өлчөө бирдиги | Саны |
1 | АСУ (автоматтык саноочу урналар); PCOS (бюллетендерди саноочу оптикалык сканер жана урна) | даана | 2900 |
2 | UPS (үзгүлтүксүз азыктандыруу булагы) | даана | 2900 |
3 | Өткөргүч жана өткөргүч эмес комбинацияланган модем | даана | 2900 |
4 | Атайын термографиялык кагаз (чектерди басып чыгаруу үчүн) | даана | 4000 |
5 | Жараксыз бюллетендерди салгыч | даана | 2900 |