Запастагы жерлерди түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 93-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жободо:
2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү жана бешинчи абзацтар менен толукталсын:
“Райондун аймагында “Запастагы жерлер” категориясына жерлерди которуу (трансформациялоо) үчүн демилгечи болуп белгиленген тартипте жергиликтүү мамлекеттик администрация чыгат.
Республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тиешелүү аймакта “Запастагы жерлер” категориясына жерлерди которууну (трансформациялоо) демилгелөөгө укуктуу.”.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-мартындагы № 176 “Запастагы жерлерди пайдалануунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
аталышы жана 1-пункту “пайдалануунун” деген сөздөн кийин “жана түзүүнүн” деген сөздөр менен толукталсын;
преамбуласы “пайдаланууга” деген сөздөн кийин “жана түзүүгө” деген сөздөр менен толукталсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Запастагы жерлерди пайдалануунун тартиби жөнүндө жободо:
- аталышы жана 1-пункту “пайдалануунун” деген сөздөн кийин “жана түзүүнүн” деген сөздөр менен толукталсын;
- 2-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“2. Запастагы жерлерди берүү жана түзүү”;
- төмөнкүдөй мазмундагы 15-16-пункттар менен толукталсын:
“15. Запастагы жерлерди түзүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жерлерди “Запастагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) жолу менен жүзөгө ашырылат.
16. Райондун аймагында жерлерди “Запастагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) үчүн демилгечи болуп белгиленген тартипте жергиликтүү мамлекеттик администрация чыгат.
Жерлерди “Запастагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) үчүн жеке адамдар же юридикалык жактар жерлерди которуу (трансформациялоо) жөнүндө жергиликтүү мамлекеттик администрацияга арыз беришет.
Республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тиешелүү аймакта жерлерди “Запастагы жерлер” категориясына которууну (трансформациялоо) демилгелөөгө укуктуу.”.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев