КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 29 январындагы № 40 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча Мамлекеттик агенттиктин атайын эсеби тууралуу жобону бекитүү жөнүндө  

Кыргыз Республикасынын минералдык-чийки зат базасын өнүктүрүү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин кызматкерлерин майнаптуу иши үчүн зарыл шарттарды түзүү жана социалдык коргоону камсыздоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:  

 1. Тиркемеге ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин атайын эсеби жөнүндө жобо бекитилсин. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 127 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

- Жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобонун 4-пункту төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

 “4. Агенттик юридикалык жак болуп эсептелет, анын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталышы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык системасындагы атайын эсеби болот.”. 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө” 2012-жылдын 14-декабрындагы №834 токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө Жобого: 

- пункт 16 төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

 «16. Конкурсту өткөрүүнүн шарттары жана тартиби, жеңүүчүнү аныктоонун критерийи (мындан ары – конкурстун шарттары) комиссия тарабынан иштелип чыгылат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.»; 

- Жобо төмөндөгү мазмундагы  V бөлүм менен толукталсын:  

«V. Эл аралык консультантты тартуу менен конкурсту өткөрүү

  38. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жалпы мамлекеттик маанидеги пайдалуу казылып алынуучу кендердин айрым обьектилери боюнча конкурсту уюштуруу, өткөрүү жана конкурстук шарттарды иштеп чыгуу маселелери боюнча эл аралык консультантты тартуу жөнүндө чечим кабыл алуу укугуна ээ. 

39. Эл аралык консультантты жалдоо жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашырган ыйгарымдуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуу жөнүндө мыйзамына ылайык атайын каражаттардын эсебинен ишке ашырылат, ал конкурска катышууга чогултулган суммадан кайтарылат. 

40. Эл аралык консультантка мүмкүн тапшырыла тургандар: 

- конкурстук жол-жоболорду иштеп чыгуу;

 - конкурстун негизги шарттарын иштеп чыгуу; 

- жер казынасын пайдалануу укугун потенциалдуу алуучунун милдетинин калыбы; 

- башка кызматтарды көрсөтүү.

 41. Эл аралык консультанттын көрсөткөн кызматына техникалык тапшырма ушул Жобонун II бөлүмүнө ылайык түзүлгөн Конкурстук комиссия тарабынан иштелип чыгылат жана бекитилет 

42. Эл аралык консультант иштеп чыккан шарттар жана жол жоболор Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык келиши керек. 

43. Эл аралык консультанттын ишинин натыйжасы конкурстун шарттарынын акыркы долбоорун кароо жана даярдоо үчүн комиссияга берилет. Мында комиссия эл аралык консультанттын сунушуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө укуктуу. 

44. Конкурстун шарттарынын долбоору даярдалып жана комиссия тарабынан жактырылганда Комиссиянын жумушчу органы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө конкурстун шарттарын бекитүү жөнүндө тийиштүү долбоорду киргизет.». 

4. Өз күчүн жоготту деп тануу: 

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин атайын эсеби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” 2011-жылдын 11-июнундагы №320 токтому; 

- “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин минералдык-чийки зат базасын өнүктүрүү боюнча атайын эсеби жөнүндө” 2013- жылдын 12- январындагы №12 токтому: 

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө ” 2014- жылдын 4- августундагы №436 токтомунун 2- пункту; 

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин минералдык-чийки зат базасын өнүктүрүү боюнча атайын эсеби жөнүндө” 2013- жылдын 12- январындагы №12” 2015- жылдын 3- апрелиндеги №190 токтому; 

5. Ушул токтом расмий жарыялангандан он күндөн кийин күчүнө кирет. 

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жайы, отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.       

Премьер-министри                                                         Т.А.Сариев

Тиркемелер

Басып чыгаруу