Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттери менен соода жүргүзүүнүн алкагында ишкердик ишти жүзөгө ашыруу максатында товарлардын өткөрүлө тургандыгы тууралуу алдын ала кабарлоо тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кесип өтүүдө импорттолгон товарларды эсепке алууну камсыздоо жана эсепке алуу датасын аныктоо максатында, 2015-жылдын 16-октябрында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына товарларды ташып кирүүнүн жана жүгүртүүнүн айрым маселелери жөнүндө протоколго, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттери менен соода жүргүзүүнүн алкагында ишкердик ишти жүзөгө ашыруу максатында товарлардын өткөрүлө тургандыгы тууралуу алдын ала кабарлоо тартиби 1-тиркемеге ылайык;
- Кабарлоону талап кылбастан жеке пайдалануу үчүн Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин аймагынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу жеке жактар алып өтүүчү товарлардын тизмеги 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы), Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы кыргыз-казакстан мамлекеттик чек ара участогундагы өткөрүү пункттарына бекитилген биргелешкен аймактык мобилдүү топторду түзүшсүн жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу эсепке алынбаган товарларды ташып кирүү/ташып чыгаруу, товарларды алып өтүү боюнча талаптарды бузуу фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча контролдук жана оперативдүү-рейддик иш-чараларды уюштурушсун.
3. Ушул токтомдун 2-пунктуна ылайык түзүлгөн аймактык мобилдүү топтордун иши үчүн мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жекече жоопкерчилиги белгиленсин.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-июнундагы № 427 «Мамлекеттик контролдон өтүү жөнүндө талондун формасын жана берүү тартибин бекитүү тууралуу» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-августундагы № 554 «Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин ортосунда жүктөрдү алып өтүүнү эсепке алууну камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» токтомунун 1-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-октябрындагы № 689 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 2-пункту.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн отуз күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр Т.А.Сариев