Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Алай районунун Жаңы-Алай айыл аймагында жайгашкан жерлерди “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Алай районунун Жаӊы-Алай айыл аймагынын тургундарынын социалдык маселелерин чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6 жана 12-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Алай районунун Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-декабрындагы № 15/2 токтомун, Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Алай районунун Жаңы-Алай айылдык кеңешинин 2015-жылдын 14-декабрындагы № 12/4 токтомун, Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Алай райондук мамлекеттик администрациясынын 2015-жылдын 21-декабрындагы № 110 токтомун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2016-жылдын 26-июлундагы № 485-б буйругун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Алай районунун Жаңы-Алай айыл аймагындагы № 75 контурда жайгашкан Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусунун 46,0 га кайрак айдоо жери жеке турак үйлөрдү куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Алай райондук мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыздасын:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерге шаар куруу документтерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев