Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 268 “Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөнүн маселелери жөнүндө” токтомуна толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Маданият жана искусство мекемелеринин типтүү штаттарын оптималдаштыруу, тармактын иштешинин туруктуу системасын түзүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 268 “Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөнүн маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде: 2-пунктунун “облустук” деген графасы “1” цифрасы менен толукталсын;
- жогоруда аталган токтомдун 4-7, 9-тиркемелери ушул токтомдун 1-5 тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги ведомстволук маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин штаттык санын оптималдаштыруу боюнча иш жүргүзсүн жана бошотулган каражаттарды Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бирдикте музейлерди, китепканаларды, театралдык-оюн-зоок мекемелерин, маданият үйлөрүн жана маданий чөйрөнүн башка мекемелерин өнүктүрүүгө жумшасын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр Т.А.Сариев