КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 1 февралындагы № 45 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 12-июнундагы № 346 “Ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди, өнөр жай үлгүлөрүн патенттөө, товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын каттоо, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын пайдалануу укугун берүү үчүн алымдар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө

          Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин “Патент мыйзамы” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 12-июнундагы № 346 “Ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди, өнөр жай үлгүлөрүн патенттөө, товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын каттоо, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын пайдалануу укугун берүү үчүн алымдар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди, өнөр жай үлгүлөрүн патенттөө, товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын каттоо, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын пайдалануу укугун берүү үчүн алымдар жөнүндө жободо:

 II бөлүмдө:

 - мамлекеттик тилдеги тексттин 30-1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын; 

- 31-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “

31Кыргыз Республикасынын ойлоп табууга патентин жана Кыргыз Республикасына карата Евразия патентин колдонуунун ар бир жылына күчүндө сактоо: үчүнчү жылга төртүнчү жылга бешинчи жылга алтынчы жылга жетинчи жылга сегизинчи жылга тогузунчу жылга онунчу жылга он биринчи жылга он экинчи жылга он үчүнчү жылга он төртүнчү жылга он бешинчи жылга он алтынчы жылга он жетинчи жылга он сегизинчи жылга он тогузунчу жылга жыйырманчы жылга

120

150

180

200

240

300

360

360

480

480

720

720

720

840

840

840

960

960


”; - расмий тилдеги тексттин 31-1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын; - төмөнкүдөй мазмундагы 31-2-пункт менен толукталсын: “

31-2Өтүнмө ээсинин жоопкерчилигине берилген Кыргыз Республикасынын ойлоп табууга патентин колдонуунун ар бир жылына күчүндө сактоо: үчүнчү жылга төртүнчү жылга бешинчи жылга алтынчы жылга жетинчи жылга сегизинчи жылга тогузунчу жылга онунчу жылга он биринчи жылга он экинчи жылга он үчүнчү жылга он төртүнчү жылга он бешинчи жылга он алтынчы жылга он жетинчи жылга он сегизинчи жылга он тогузунчу жылга жыйырманчы жылга

60

75

90

100

120

150

180

180

240

240

360

360

360

420

420

420

480

480

”.

 2. Ушул токтомдун 1-пунктунун жоболору Кыргыз Республикасынын ойлоп табууга патентин жана Евразия патентин күчүндө сактоого байланыштуу, ошондой эле өтүнмө ээсинин жоопкерчилигине берилген Кыргыз Республикасынын ойлоп табууга патентин күчүндө сактоого байланыштуу 2015-жылдын 5-октябрынан тартып пайда болгон мамилелерге жайылтылат. 

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

Премьер-министр                                                            Т.А.Сариев

Тиркемелер

Басып чыгаруу