КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 1 февралындагы № 46 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын мамлекеттик кызматчыларына эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү  максатында, “Мамлекеттик кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү  киргизилсин: жогоруда аталган токтомдун “Аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарындагы саясий мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик кызматчылардын кызматтык маяналарына эселик коэффициенттер”деген 1-тиркемесинде:

 - 4-пунктундагы “Жогорку аттестациялык комиссиясынын төрагасынын орун басары – башкы окумуштуу катчысы” деген сөздөр “Жогорку аттестациялык комиссиянын төрагасынын орун басары” деген сөздөр менен алмаштырылсын. 

2. Ушул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын каражаттарынын чегинде иш жүзүнө ашырылаары белгиленсин.

 3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                                Т.А.Сариев

Тиркемелер

Басып чыгаруу