КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 1 февралындагы № 33 буйругу

Кыргыз Республикасында турак жай сатып алууга Кыргыз  Республикасынын коммерциялык банктарынан АКШ доллары менен  кредиттерди алган жана Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын өзгөрмөлүүлүгүнө байланыштуу оор кырдаалда калган жеке жактарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү, аталган кредиттерди Кыргыз Республикасынын улуттук валютасына конвертациялоо тартибин жана шарттарын аныктоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык: 

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги: 

1) Кыргыз Республикасынын жеке жактарына-жарандарына АКШ доллары менен берилген кредиттердин негизги суммасы боюнча карыздарды Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2015-жылдын 1-июлуна карата расмий курсу (1 АКШ доллары үчүн 62,1422 сом) боюнча улуттук валютага конвертациялоодо жана ушул буйрукка кол коюлган   датага карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий курсу боюнча келип чыгуучу курстук айырманын ордун коммерциялык банктарга төмөнкү шарттарды сактоо менен толтуруп берүүгө 574 (беш жүз жетимиш төрт) млн сом суммасында акча каражатын издеп тапсын: 

- кредит коммерциялык банктар тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан турак жайларды сатып алууга берилген; 

-  кредитти берүү мөөнөтү - 2015-жылдын 1-июлуна чейин;

 - кредиттин негизги суммасы аны берүү датасына карата  (коммерциялык банк менен карыз алуучунун ортосундагы кредиттик келишимге кол коюлган дата) 40 (кырк) миӊ АКШ долларынан ашык эмести түзгөн;

 - берилген кредит боюнча соттук териштирүүлөр жок болгон; - ар бир жеке жакка 1 (бир) кредит  конвертацияланууга тийиш;

 2) коммерциялык банктарга курстук айырманы каржылоону “Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашуу боюнча ушул буйрукка ылайык ишке ашырсын.

 2. Кыргыз Республикасынын  коммерциялык банктарына төмөнкүлөр сунушталсын: 

1) конвертациялоо жүргүзүүгө карыз алуучудан өтүнмө алган учурдан тартып конвертациялоо жүргүзгөнгө чейин ушул буйруктун 1-пунктуна ылайык конвертацияланууга тийиш кредиттер боюнча айыптык санкцияларды эсептөөнү токтото туруу; 

2) ушул буйрукка кол коюлган күндөн тартып 10 (он) календардык күндүн ичинде ушул буйруктун 1-пунктунун талаптарына туура келген карыз алуучуларга алардын ушул буйрукка кол коюлган күндөн тартып 20 (жыйырма) календардык күндүн ичинде конвертациялоо жөнүндө арызы менен тиешелүү банкка кайрылуу укугу жөнүндө кабарлоо;

 3) ушул буйрукка кол коюлган күндөн тартып 30 (отуз) календардык күндөн ашпаган мөөнөттө карыз алуучунун кредитин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2015-жылдын 1-июлуна карата расмий курсу боюнча улуттук валютага конвертациялоо жүргүзүү; 

4) кредитти конвертациялоодо 2016-жылдын 1-январына карата абал боюнча улуттук валютада ипотекага берилген кредиттер боюнча коммерциялык банктардын орточо өлчөнгөн пайыздык ставкаларынан жогору болбогон 19,76 пайыз өлчөмүндө пайыздык ставканы белгилөө;

 5) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине ушул буйрукка кол коюлган күндөн 30 (отуз) календардык күн өткөндөн кийин кредиттерди конвертациялоонун жалпы суммасы жөнүндө маалымат менен конвертациялоо жүргүзүүдө курстук айырманын ордун толтурууга өтүнмө берүү; 

6) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына ушул буйрукка кол коюлган күндөн 30 (отуз) календардык күн өткөндөн кийин конвертациялоо жүргүзүүдө курстук айырманын ордун толтурууга муктаждык жөнүндө маалыматты жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен макулдашылган форма боюнча конвертациялоо жүргүзүү жөнүндө отчетту берүү.

 3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына төмөнкүлөр  сунушталсын: 

1) кредиттерди конвертациялоого катышуучу Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына ушул буйрукка ылайык “своп”- операцияларды (коюлбаган) жана/же Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары менен башка операцияларды жүргүзүү аркылуу колдоо көрсөтүү; 

2) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине коммерциялык банктардын конвертациялоо жүргүзүүдө курстук айырманын ордун толтурууга финансы каражаттарына муктаждыгы жөнүндө жыйынды маалыматты жана банктарга карата коммерциялык банктар тарабынан жүргүзүлгөн конвертациялоонун жыйынтыктары жөнүндө жыйынды отчетту берүү.

 4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы конвертацияланууга тийиш болгон кредиттер боюнча күрөө жөнүндө келишимдерди белгиленген жөнөкөй тариф менен оперативдүү түрдө каттоого коммерциялык банктарга ыкчам тартипте көмөк көрсөтсүн. 

5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.   

Премьер-министр                                                     Т.А.Сариев

Тиркемелер

Басып чыгаруу