КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 27 январындагы № 37 токтому

Конок үй имаратын Чүй облусунун Чүй районундагы Кегети айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө

  “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:  

 1.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин балансында турган, Чүй облусунун Чүй районунун “Кегети” капчыгайында жайгашкан мурдагы “Эдельвейс” пионер лагеринин пайдаланылбаган конок үй имаратын (инвентардык № 01-37) жанаша жаткан аянты 0,09 га жер участогу менен Чүй облусунун Чүй районунун Кегети айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине Чүй облусунун Чүй районундагы А. Токоев атындагы мектептин филиалынын окуу корпусу катары пайдалануу үчүн белгиленген тартипте өткөрүп берсин. 

2.  Чүй облусунун Чүй районундагы Кегети айыл өкмөтүнө сунушталсын:

 - ушул токтомдун 1-пунктунда аталган кыймылсыз объектини муниципалдык менчигине өткөрүп алуу; 

- объектти белгиленген тартипте кайра мамлекеттик каттоодон өткөрүү; 

-  объектини максаттуу арналышы боюнча колдонууну камсыздоо.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

  Премьер-министр                                                           Т.А.Сариев

Тиркемелер

Басып чыгаруу