Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 17-октябрындагы № 706 “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, Кыргыз Республикасынын аскердик башка түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскер кызматы каралган мамлекеттик органдардын аскер кызматчыларынын азык-түлүк паегунун нормалары жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын мөөнөттүү кызматынын аскер кызматчыларынын азык-түлүк паегунун нормаларын белгилөө максатында, “Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 17-октябрындагы № 706 “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, Кыргыз Республикасынын аскердик башка түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскер кызматы каралган мамлекеттик органдардын аскер кызматчыларынын азык-түлүк паегунун нормалары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пунктунда:
“Офицерлерге, прапорщиктерге, мөөнөтүнөн тышкары жана мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматкерлерине” деген сөздөр “Контракт боюнча аскер кызматын жана мөөнөттүү аскер кызматын өтөгөн аскер кызматчыларына” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
“паек (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик күзөт органынын Президенттик полкунун мөөнөттүү кызматынын аскер кызматчылары үчүн) деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын мөөнөттүү аскер кызматынын аскер кызматчылары үчүн паек” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- аталган токтомдун 9-тиркемесинин аталашындагы “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматынын Президенттик полкунун мөөнөттүү кызматынын аскер кызматчылары үчүн” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын мөөнөттүү аскер кызматынын аскер кызматчылары үчүн” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтомдун 1-пунктун ишке ашырууга байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын тийиштүү жылга каралган бюджетинин чегинде жүргүзүлсүн.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр Т.А.Сариев