КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 29 токтому

Сынам жыйымынын ставкаларын жана Сынам жыйымын төлөөнүн тартибин бекитүү жөнүндө

Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 25-главасын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин: 

- Сынам жыйымынын ставкалары, 1-тиркемеге ылайык; 

- Сынам жыйымын төлөөнүн тартиби, 2-тиркемеге ылайык. 

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                                      М.Д.Абылгазиев

тиркеме