Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-апрелиндеги № 200 "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасындагы маалыматтык системалардын өз ара аракеттенүүсүнө карата талаптарды бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-апрелиндеги № 200 "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасындагы маалыматтык системалардын өз ара аракеттенүүсүнө карата талаптарды бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасындагы маалыматтык системалардын өз ара аракеттенүүсүнө карата талаптарда:
5-пункту:
- төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"арыз ээси - маалыматтык системанын менчик ээсинин (ээлик кылуучунун) ыйгарым укуктарын ишке ашырган, ушул Талаптарга ылайык маалыматтык системаны "Түндүк" ЭВӨСкө туташтыруу үчүн "Түндүк" ЭВӨС операторуна кайрылган мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, мамлекеттик мекеме жана ишкана, ошондой эле юридикалык жана жеке жак;";
- төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:
"Түндүк" ЭВӨСкө туташтыруу - бул катышуучунун коопсуздук серверин "Түндүк" ЭВӨСкө каттоо;";
- он төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"кызмат көрсөтүү - "Түндүк" ЭВӨС аркылуу катышуучунун маалыматтык системасынан маалыматты (документтерди) Катышуучу тарабынан алуунун Каталогдо катталган мүмкүндүгү.
Кызмат көрсөтүүнүн алкагында берилүүчү/алынуучу маалыматтын (документтердин) тизмеги "Түндүк" ЭВӨС катышуучуларынын ортосунда түзүлгөн сервистин (кызмат көрсөтүүнүн) (Service level agreement - SLA) деңгээли жөнүндө макулдашуу менен аныкталат жана Каталогдо (кызмат көрсөнүүнүн баяндалышында) катталат;";
- 8-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. "Түндүк" ЭВӨС аркылуу өз ара аракеттенүү жана маалымат (электрондук документтерди) алмашуу үчүн арыз ээси "Түндүк" ЭВӨС оператору тарабынан белгиленген формалар боюнча "Түндүк" ЭВӨСкө туташтыруу жөнүндө өтүнмөнү жана кошулуу/өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууну берет.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 8-1 жана 8-2-пункттар менен толукталсын:
"8-1. Арыз ээсинин маалыматтык системасы ушул Талаптарга жана "Түндүк" ЭВӨС оператору тарабынан белгиленген техникалык талаптарга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын электрондук башкаруу жана кибер коопсуздук чөйрөсүндөгү мыйзамдарына шайкеш келген учурда "Түндүк" ЭВӨС оператору жана арыз ээси кошулуу/өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууну түзүшөт.
8-2. Арыз ээсинин маалыматтык системасы ушул Талаптардын 8-1-пунктунда белгиленген талаптарга шайкеш келбеген учурда "Түндүк" ЭВӨС оператору "Түндүк" ЭВӨСкө туташтыруудан баш тартат жана арыз ээсине туташтыруудан баш тартуу үчүн негиз болгон себептерди четтетүү зарылдыгы жөнүндө кабарлайт.
Арыз ээси туташтыруудан баш тартуу үчүн негиз болгон себептерди четтеткенден кийин "Түндүк" ЭВӨСкө туташтыруу жөнүндө өтүнмөнү кайра берет.";
- 9-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9. Кошулуу/өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуу түзүлгөндөн кийин "Түндүк" ЭВӨС оператору катышуучунун коопсуздук серверин "Түндүк" ЭВӨСкө каттайт.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 9-1-пункт менен толукталсын:
"9-1. Катышуучунун коопсуздук серверин "Түндүк" ЭВӨСкө каттагандан кийин "Түндүк" ЭВӨС оператору "Түндүк" ЭВӨС катышуучусу ыйгарым укук берген адамга "Түндүк" ЭВӨС катышуучусу жөнүндө маалыматтарды Каталогдо каттоо, киргизүү жана өзгөртүү укугун берет.
"Түндүк" ЭВӨС катышуучусу өз маалыматтык системаларын жана бардык көрсөтүүчү кызматтарын "Түндүк" ЭВӨС оператору тарабынан белгиленген талаптарга ылайык Каталогдо каттоого милдеттүү. Маалыматтык система Каталогдо катталгандан кийин жаңы кызмат көрсөтүүлөр түзүлгөн учурда, "Түндүк" ЭВӨС катышуучусу жаңы кызмат көрсөтүүлөрдү бул кызматтарды көрсөтүүнү баштаганга чейин Каталогдо каттоого милдеттүү.";
- 10-пунктунун жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- алынуучу/берилүүчү маалыматтардын тизмегин көрсөтүү аркылуу, Түндүк" ЭВӨСтүн башка катышуучусу менен сервистин (кызмат көрсөтүүнүн) (Service level agreement - SLA) деңгээли жөнүндө макулдашууну түзүүгө, тараптар макулдашкан өз ара аракеттенүү мөөнөтүнүн ичинде кызмат көрсөтүүлөргө жетүүнү уюштурууга жана көрсөтүүгө;";
- 12, 15 жана 16-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
- 22-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"22. "Түндүк" ЭВӨС компоненттеринин программалык камсыздоосун жана "Түндүк" ЭВӨС колдонуучусунун интерфейсин пайдалануу үчүн мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерден, ишканалардан жана алардын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнөн акы алынбайт.";
- 24-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Түндүк" ЭВӨС аркылуу "Түндүк" ЭВӨС оператору тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын тарифтери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри | М.Абылгазиев |