Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 20-июнундагы № 360 «Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөшү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 20-июнундагы № 360 «Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөшү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөшү жөнүндө жободо:
- 106-пунктунун «ч» пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2018-жылдын 19-сентябрынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев