2018-жылга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасында баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүүнүн концепциясын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасында баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 5-ноябрындагы № 10-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын жүзөгө ашыруу максатында жана “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. 2018-жылга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасында баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүүнүн концепциясы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы бир айлык мөөнөттө 2018-жылга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасында баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүүнүн концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр Т.А.Сариев