КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 26 январындагы № 32 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-июлундагы № 475 “Кымбат баалуу металлдарды жана кошо иргелип алынуучу металлдарды камтыган руданы, концентраттарды жана калдыктарды Кыргыз Республикасынын аймагынан алып кетүүнүн жана Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу 

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:   

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-июлундагы № 475 “Кымбат баалуу металлдарды жана кошо иргелип алынуучу металлдарды камтыган руданы, концентраттарды жана калдыктарды Кыргыз Республикасынын аймагынан алып кетүүнүн жана алып кирүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

- 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

“4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет, буга 2016-жылдын 1-мартынан тартып күчүнө кирүүчү Инспектордук агенттиктердин эл аралык федерациясына мүчөлүк боюнча сыноочу-инспекциялык компанияларга коюлуучу талаптарды караган ченемдер кирбейт.”. 

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.   

  Премьер-министр                                                            Т.А.Сариев   

Тиркемелер

Басып чыгаруу