КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 26 январындагы № 35 токтому

 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-июнундагы № 350 “Тоо-кен казып алуу тармагындагы иштин абалы жана өнүктүрүүнүн келечеги жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү туралуу 

Кен казуу секторунан түшүүчү кирешени көбөйтүү максатында, “Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5 жана 24-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:  

 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-июнундагы № 350 “Тоо-кен казып алуу тармагындагы иштин абалы жана өнүктүрүүнүн келечеги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Конкурска коюлуучу жалпы мамлекеттик маанидеги пайдалуу казылып алынуучу кендердин тизмесинин 48 жана 55-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын. 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик Арым II жана Күрмөнтү кендерин жер казынасын пайдалануу укугу аукциондорду өткөрүүнүн негизинде берилүүчү объекттердин тизмегине киргизсин. 

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.    

Премьер-министр                                                           Т.А.Сариев

Тиркемелер

Басып чыгаруу