Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитети жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин “Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитети жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитетинин башкаруу схемасы, 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитети ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-майындагы № 271 “Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр Т.А.Сариев