КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 26 январындагы № 30 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу 

Мамлекеттик органдардын айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аныктоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесине жана “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:  

 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: жогоруда аталган токтомдун “Аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүлүп берилүүчү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмеси” деген 1-тиркемесинде: 

- 1-пункту “форма кийимдеринин сүрөттөлүшүн,” деген сөздөрдөн кийин “айырмалоо белгилеринин үлгүлөрүн жана форма кийимдеринин фурнитураларын,” деген сөздөр менен толукталсын.

 2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго шайкеш келтирсин.

 3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн. 4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.     

Премьер-министр                                                            Т.А.Сариев

Тиркемелер

Басып чыгаруу