Нарын облусунун Кочкор районунун Ак-Кыя айыл аймагынын
Жаңы-Жол айылында жайгашкан “Үмүт” балдар бакчасын Нарын облусунун Кочкор районунун Ак-Кыя айыл аймагынын Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө
Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү максатында, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен бирдикте Нарын облусунун Кочкор районунун Ак-Кыя айыл аймагынын Жаңы-Жол айылында жайгашкан “Үмүт” балдар бакчасын Нарын облусунун Кочкор районунун Ак-Кыя айыл аймагынын Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
- Нарын облусунун Кочкор районунун Ак-Кыя айыл аймагынын Ак-Кыя айыл өкмөтүнө белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган балдар бакчасын муниципалдык менчикке кабыл алуу;
- объектини мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү;
- объектини максаттуу багыт боюнча пайдаланышын камсыз кылуу.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр Т.А.Сариев