КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 19 январындагы № 21 токтому

арых жана маданият жылын даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекция жөнүндө жобо 

1. Жалпы жоболор

  1. Тарых жана маданият жылын даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекция (мындан ары - Мамлекеттик дирекция) Тарых жана маданият жылын жогорку уюштуруучулук деңгээлде даярдоо жана өткөрүү максатында түзүлгөн. 

2. Мамлекеттик дирекциянын жайгашкан орду: 

Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. 

3. Мамлекеттик дирекция өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат. 

4. Мамлекеттик дирекциянын толук аталышы:

 - мамлекеттик тилде:

 «Тарых жана маданият жылын даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекция»; 

- расмий тилде: 

«Государственная дирекция по подготовке и проведению Года истории и культуры». 

5. Мамлекеттик дирекция оперативдүү башкаруу укугуна негизделген мекеменин уюштуруучулук-укуктук формасында иштеген юридикалык жак болуп саналат. 6. Мамлекеттик дирекция оперативдүү башкарууга берилген мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыздоого милдеттүү. 

7. Мамлекеттик дирекция негизги жана жүгүртүүдөгү каражатка,  өз алдынча баланска, алыш-бериш эсебине, анын ичинде Кыргыз Республикасынын казыналык системасында атайын эсепке ээ. 

8. Мамлекеттик дирекция мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы бар, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөргө, штамптарга, белгиленген үлгүдөгү бланктарга жана визуалдык жекелештирүү каражаттарына ээ.  

2. Мамлекеттик дирекциянын максаттары, милдеттери жана функциялары

  9. Мамлекеттик дирекциянын негизги максаты 2016-жылы Тарых жана маданият жылын даярдоо жана өткөрүү боюнча чаралар комплексин улуттук деңгээлде жүргүзүү болуп саналат. 

10. Мамлекеттик дирекциянын негизги милдеттери: 

- уюштуруу иштерин Мамлекеттик дирекциянын алдында турган максаттардын жана милдеттердин алкагында өткөрүү; 

- Тарых жана маданият жылын өткөрүүнүн алкагында иш-чараларды даярдоодо жана өткөрүүдө аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана башка уюмдарга көмөктөшүү болуп саналат. 

11. Мамлекеттик дирекциянын негизги функциялары: 

- кеңири жарнамалык жана басма ишин жүргүзүү; - кино, видео жана фотосүрөткө тартууларды, аудиожазууларды ж.б. жүргүзүү жана ишке ашыруу;

 - Мамлекеттик дирекциянын максаттарына жана милдеттерине ылайык келген жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка функциялар болуп саналат.

 

3. Мамлекеттик дирекциянын укуктары

  12. Мамлекеттик дирекция төмөнкүлөргө укуктуу: 

- Тарых жана маданият жылын уюштуруу жана өткөрүүнүн алкагында иш-чараларды өткөрүү боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоого; 

- өзүнүн милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон материалдарды, документтерди, маалыматтарды мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан суроого жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте алууга;

 - чыгармачылык жамааттарды же алардын айрым мүчөлөрүн  Мамлекеттик дирекциянын ишине акы төлөө негизинде ишке тартууга; 

- убактылуу чыгармачылык жамааттарды түзүүгө; 

- уюмдардын жана мекемелердин адистерин, кызматкерлерин белгиленген тартипте Мамлекеттик дирекциянын ишине тартууга; 

- өзүнүн ишинин маселелери боюнча эл аралык уюмдар менен өз ара байланышта иштөөгө, биргелешкен иш-чараларды өткөрүүгө; - юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерди түзүүгө; 

- Мамлекеттик дирекциянын максаттарына жана милдеттерине ылайык келген  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген, башка аракеттерди жасоого.  

4. Мамлекеттик дирекциянын финансылык-чарбалык иши

  13.  Мамлекеттик дирекциянын мүлкү мамлекеттин менчиги болуп эсептелет. Мамлекеттик дирекция өзүнүн ишинин максаттарына, менчик ээсинин тапшырмаларына жана мүлктүн арналышына ылайык мүлктү пайдаланууга укуктуу. 

14. Мамлекеттик дирекцияны каржылоо булактары болуп төмөнкүлөр саналат: 

- республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каражаттар;

 - акысыз же кайрымдуулук төгүмдөр; 

- чет мамлекеттердин, уюмдардын, ишканалардын, жеке адамдардын, эл аралык уюмдардын жана фонддордун төгүмдөрү жана инвестициялары; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактар. 

15. Мамлекеттик дирекциянын каражаты Тарых жана маданият жылын даярдоо жана өткөрүүнүн алкагында мааракелик иш-чараларды даярдоого, өткөрүүгө, уюштурууга жана финансылык-чарбалык ишке пайдаланылат. 

16. Тарых жана маданият жылын даярдоо жана өткөрүү боюнча иш-чараларга пайдаланылбаган каражаттардын калдыгы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине которулат. 

17. Алынган кирешелер, ошондой эле менчик каражаттардын эсебинен алынган мүлктөр ага менчик укугунда таандык.  

5. Мамлекеттик дирекциянын ишин башкаруу

  18. Мамлекеттик дирекциянын ишин башкарууну Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматка дайындоочу жана кызматтан бошотуучу Башкы директор жүргүзөт.

 19. Башкы директордун бир орун басары болот, аны Башкы директордун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот. 

20. Башкы директордун орун басары Башкы директор жок учурда Башкы директордун милдетин аткарат. 

21. Башкы директор: - Мамлекеттик дирекциянын ишин жетектейт жана  Мамлекеттик дирекцияга жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы жана анын ишинин натыйжасы үчүн жоопкерчилик тартат; 

- Мамлекеттик дирекциянын атынан ишти ишеним катсыз жүргүзөт,  бардык мамлекеттик органдарда, юридикалык жана жеке жактар менен өз ара мамилелерде анын кызыкчылыктарын коргойт, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш эсептерин ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коёт; 

- өзүнүн компетенциясынын чегинде буйруктарды чыгарат, Мамлекеттик дирекциянын бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышын контролдоону уюштурат;

 - Мамлекеттик дирекциянын кызматкерлеринин функциялык милдеттерин аныктайт; 

- Мамлекеттик дирекциянын түзүмүн жана штаттык расписаниесин Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине бекитүүгө киргизет; 

- Мамлекеттик дирекциянын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот; 

-  Мамлекеттик дирекциянын кызматкерлерине карата тартиптик жаза чараларын колдонот  жана сыйлоо чараларын көрөт; 

- Мамлекеттик дирекциянын ушул Жобо менен белгиленген милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон башка аракеттерди жасайт. 

22. Мамлекеттик дирекциянын кызматкерлери мамлекеттик кызматкерлер болуп саналбайт. 

23. Мамлекеттик дирекция өзүнүн иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө отчет берет.    

6. Мамлекеттик дирекциянын отчеттуулугу

  24. Мамлекеттик дирекция өзүнүн ишинин натыйжаларын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чарбалык, бухгалтердик жана статистикалык эсепке алууларды жүргүзөт. 

25. Мамлекеттик дирекция бекитилген иш пландардын негизинде өз ишин жүргүзөт жана ал боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө отчет берет. 

26. Мамлекеттик дирекциянын иш процессинде пайда болгон документтер “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат. 

7. Дирекцияны жоюу жана кайра уюштуруу

  27. Мамлекеттик дирекцияны жоюу же кайра уюштуруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

 28. Мамлекеттик дирекцияны жоюу аны түзүү жөнүндө чечим чыгарган орган түзгөн жоюу комиссиясы тарабынан жүзөгө ашырылат. Мамлекеттик дирекцияны жоюу жөнүндө чечим чыгарган орган жоюунун тартибин жана мөөнөтүн белгилейт, жоюу комиссиясынын курамын аныктайт. 

29. Мамлекеттик дирекция жоюлгандан кийин анын мүлкү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына белгиленген тартипте жоюу комиссиясынын чечимине ылайык пайдаланылат.

Тиркемелер

Басып чыгаруу