КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 18 январындагы № 17 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 4-июнундагы № 341 «Кыргыз Республикасынын айрым айыл өкмөттөрүнүн  муниципалдык менчиктерине автотранспорт каражаттарын өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу 

         Суу түтүктөрүн жана суу буруучу системаларды техникалык жактан тейлөө боюнча сервистик борборлорду техникалык жактан жабдуу максатында, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:  

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 4-июнундагы № 341 «Кыргыз Республикасынын айрым айыл өкмөттөрүнүн  муниципалдык менчигине автотранспорт каражаттарын өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо  киргизилсин:

- аталышындагы «айрым айыл өкмөттөрүнө» деген сөздөр «жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

 - жогоруда аталган токтомдун «Айыл өкмөттөрүнүн муниципалдык менчигине берилүүчү автотранспорт каражаттарынын тизмеги»  тиркемесинде: 

6-тилкенин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

 «

Жергиликтүү өз  алдынча башкаруу органынын аталышы

»; төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу-он биринчи саптар менен толукталсын:

 «

«Ауди-А6»1041 ВВ1999ALGО18349WAUZZ4ВZXN012349Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаарынын  мэриясы«ГАЗ-3110»4315 ВВ199833830120176534Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Капчыгай айыл өкмөтү«ВАЗ 2131»KGBM 235120006549918XTA 21310010026693Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айыл өкмөтү

».

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба боюнча  мамлекеттик агенттиги менен бирдикте ушул токтомдун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражаттарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык менчигине белгиленген тартипте өткөрүп беришсин.

3. Ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына төмөнкүлөр белгиленген тартипте сунушталсын:

 - ушул токтомдун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражаттарын муниципалдык менчикке кабыл алышсын;

 - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык автотранспорт каражаттарын кайрадан каттоодон өткөрүшсүн; 

- автотранспорт каражаттарын суу менен камсыз кылуу жана сууну буруу системаларын техникалык жактан тейлөө үчүн максаттуу багыты боюнча пайдаланышсын. 

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана  коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн. 

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

   Премьер-министр                                                            Т.А.Сариев

Тиркемелер

Басып чыгаруу