Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуудагы босоголук суммаларды бекитүү жөнүндө
“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик сатып алууларды ишке ашырууда мамлекеттик каражаттарды натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Мамлекет жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары акцияларынын 50 жана андан ашык пайыздарына биргеликте же өз-өзүнчө ээлик кылган мамлекеттик (муниципалдык) мекемелер, ишканалар, акционердик коомдор жана мамлекеттик каражаттардын эсебинен түзүлгөн, 100,0 млн сомго чейинки уставдык капиталы бар башка чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга жумшалуучу босоголук суммалардын төмөнкү өлчөмдөрү бекитилсин:
- минималдуу босоголук сумма - 800 000 сом;
- максималдуу босоголук сумма - 3 000 000 сом.
2. Мамлекет акцияларынын 50 жана андан ашык пайыздарына ээлик кылган, 100,0 млн сомдон ашык уставдык капиталы бар мамлекеттик (муниципалдык) ишканалар жана акционердик коомдор үчүн товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга жумшалуучу босоголук суммалардын төмөнкү өлчөмдөрү бекитилсин:
- минималдуу босоголук сумма – 3 000 000 сом;
- максималдуу босоголук сумма – 15 000 000 сом.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 16-сентябрындагы № 440 “Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуудагы чектик суммаларды бекитүү жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-июнундагы № 302 “Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуудагы чектик суммаларды бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 16-сентябрындагы № 440 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому. 4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн. 5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр Т.А.Сариев