КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 15 январындагы № 7 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө

  Кыргыз Республикасынын позицияларын жакшыртуу жана “Кумтөр” долбоорун андан ары ишке ашыруунун өз ара алгылыктуу варианттарын издөө максатында, “Кумтөр” долбоору боюнча “Центерра Голд Инк.” компаниясы менен консультацияларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча консультациялык кеңештин 2015-жылдын 21-декабрындагы № 40 чечимин көңүлгө алып, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:  

 1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-декабрындагы № 700  “Кыргыз Республикасынын позицияларын жакшыртуу, ошондой эле “Кумтөр” долбоорун андан ары ишке ашыруунун өз ара алгылыктуу варианттарын издөө максатында “Центерра Голд Инк.” компаниясы менен сүйлөшүү процесстерин улантуу боюнча консультациялык кеңештин ишинин жыйынтыктары жөнүндө” токтому; 

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-январындагы № 32 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун жана “Центерра Голд Инк.” компаниясынын ортосундагы “Кумтөр” долбоорун реструктуралаштыруунун шарттары жөнүндө макулдашуу тууралуу” токтому.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.    

Премьер-министр                      Т.А.Сариев

Тиркемелер

Басып чыгаруу