КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 25 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 «Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

«Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 221-беренесин ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 «Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

-   1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма бешинчи - жыйырма сегизинчи абзацтар менен толукталсын:

-   «Ысык суу менен жабдуунун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча санитардык-эпидемиологиялык талаптар» жөнүндө санитардык-эпидемиологиялык эрежелер жана ченемдер, 24-тиркемеге ылайык;

-   «Ультра кызгылт көк нурлануу методу менен ичүүчү сууну зыянсыздандыруу боюнча санитардык-эпидемиологиялык талаптар» жөнүндө санитардык-эпидемиологиялык эрежелер жана ченемдер,  25-тиркемеге ылайык;

-   «Коомдук дааратканаларды жайгаштыруу жана эксплуатациялоо боюнча санитардык-эпидемиологиялык талаптар» жөнүндө санитардык-эпидемиологиялык эрежелер жана ченемдер, 26-тиркемеге ылайык;

-   «Сууну тазалоо жана сууну даярдоо үчүн пайдаланылган материалдардын, реагенттердин, жабдуулардын коопсуздугу боюнча гигиеналык талаптар» жөнүндө санитардык эрежелер жана гигиеналык ченемдер, 27-тиркемеге ылайык;

-   ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда 24-27-тиркемелер менен толукталсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                              М.Д.Абылгазиев

тиркеме