КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 6-январындагы № 4 токтому

«Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө

Энергетика тармагын башкарууну реформалоо максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Уставдык капиталына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттин 100 пайыз катышуусу менен «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ачык акционердик коому түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте эки жумалык мөөнөттө:

- бир акциясы 100 (бир жүз) сом номиналдык наркы менен 50 000 (элүү миң) жөнөкөй энчилүү акцияларга бөлүнгөн 5 000 000 (беш миллион) сом өлчөмүндөгү уставдык капиталын аныктап, «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ачык акционердик коомунун уюштуруучусу катары чыксын;

- «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ачык акционердик коомунун жайгаштырылган акцияларын белгиленген тартипте төлөөнү камсыз кылсын;

- Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ачык акционердик коомун мамлекеттик каттоону жүргүзсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ачык акционердик коомунун уставдык капиталын түзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго 5 000 000 (беш миллион) сом өлчөмүндө акча каражатын эки жумалык мөөнөттө издеп тапсын жана бөлүп берсин;

- «Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.

4. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ачык акционердик коомуна коммуналдык жана эксплуатациялык чыгымдарды төлөө менен акысыз пайдалануу келишиминин шарттарында Бишкек ш., Ахунбаев көч., 119 А дареги боюнча жайгашкан имаратты берсин.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө, экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр                                                    Т.А.Сариев

Тиркемелер

Басып чыгаруу