Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы № 421 “Жолдо жүрүүнүн эрежелерин жана Транспорт каражаттарын пайдаланууга чыгаруу боюнча жана кызмат адамдарынын жолдо жүрүүнүн коопсуздугун камсыздоодогу милдеттери боюнча Негизги жоболорду бекитүү тууралуу” токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине ылайык келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы № 421 “Жолдо жүрүүнүн эрежелерин жана Транспорт каражаттарын пайдаланууга чыгаруу боюнча жана кызмат адамдарынын жолдо жүрүүнүн коопсуздугун камсыздоодогу милдеттери боюнча Негизги жоболорду бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жол кыймылынын эрежелеринде:
- 2-бөлүмүнүн 2.8-пункту төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи жана он экинчи абзацтар менен толукталсын: “коомдук тартипти атайын жана көз көрүнөө бузуу, транспорт каражаттарынын (автомобилдер, мотоциклдер, белгиленбеген жерлерде ар кандай түрдөгү көрсөтмө жүрүүлөр ж.б.) катышуусу менен белгиленген тартипте макулдашылбаган мелдештерди уюштуруу жана катышуу, кыймыл үчүн коркунуч түзүп жүрүүлөр, ошондой эле бештен ашык транспорт каражаттарынын үйлөнүү үлпөт колоннасындагы транспорт каражаттарынын кыймылы. Эскертүү. Өкмөттүк кортеждин же делегациянын курамында бештен ашык транспорт каражатынын колоннасында; жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын автомашинасынын коштоосундагы колоннада; сөөк коюу процессиясында; жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксаты берилген колоннада жүрүүгө уруксат берилет.”;
- 5-бөлүмүнүн 5.3-пункту төмөнкү мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын: “транспорт каражатынын ичинде болгон учурда, коомду жана кыймылдын башка катышуучуларын сыйлабай тургандыгын ачык-айкын көрсөтүү менен коомдук тартипти жана жарандардын тынчтыгын атайын жана көз көрүнөө бузуу.”;
Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын эрежелеринин 1-тиркемесинде:
- 5-бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы алтымыш биринчи абзац менен толукталсын:
“5.40 “Видеоконтроль”. Жол белгиси колдонулган зонада же болбосо жолдун ушул участогунда автоматтык режимде иштеп жаткан фото жана кино тартуу, видео жазып алуу функциялары бар атайын техникалык каражаттары же фото жана кино тартуу, видео жазуу каражаттары менен администрациялык укук бузуулар фиксациялана тургандыгы жөнүндө маалымат берет. Белгиге “Контроль” деген жазууну киргизүүгө жол берилет”;
- 7-бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма жетинчи жана жыйырма сегизинчи абзацтар менен толукталсын:
“7.20 “Видеоконтроль”. Жол белгиси колдонулган зонада же болбосо жолдун ушул участогунда автоматтык режимде иштеп жаткан фото жана кино тартуу, видео жазып алуу функциялары бар атайын техникалык каражаттары же фото жана кино тартуу, видео жазуу каражаттары менен администрациялык укук бузуулар фиксациялана тургандыгы жөнүндө маалымат берет;.
7.21 «Эвакуатор». Эрежелердин талаптары бузулгандыгы үчүн транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоо колдонула тургандыгын маалымдайт. 3.27 - 3.30, 5.12 - 5.14 белгилери колдонулат ”.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Жолдо жүрүү эрежесине киргизилген толуктоолор боюнча калк арасында тийиштүү маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн; - өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр Т.А.Сариев