Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 119 «Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 5-ноябрындагы № 11-VI «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө» токтомуна, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 119 «Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө жободо:
1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги (мындан ары - Министрлик) билим берүү, илим жана илимий-техникалык иш тармагында бирдиктүү мамлекеттик саясатты, ошондой эле мамлекеттик жаштар саясатын иштеп чыгуучу жана билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүнө жана сапатына, Кыргыз Республикасынын жарандарынын билим алууга конституциялык укуктарынын камсыздалышына мамлекеттик көзөмөл жүргүзгөн аткаруу бийлигинин борбордук органы болуп эсептелет.»;
3-пункту «өз ишин» деген сөздөрдөн кийин «аймактык органдары, өзүнө караштуу мекемелер жана уюмдар аркылуу» деген сөздөр менен толукталсын»;
«Министрликтин максаты» деген II бөлүмдүн биринчи абзацы «иштер жаатында» деген сөздөрдөн кийин «, ошондой эле мамлекеттик жаштар саясатын» деген сөздөр менен толукталсын;
5-пункту төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
«- жаштардын экономикалык, интеллектуалдык жана руханий потенциалын коомдун кызыкчылыгында ишке ашыруу үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү боюнча чараларды иштеп чыгуу.»;
6-пунктта:
- а) пунктчасында: төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«билим берүү, илим жана илимий-техникалык иш тармагындагы мамлекеттик саясатты, ошондой эле мамлекеттик жаштар саясатын ишке ашырууга багытталган мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун, билим берүү системасынын иштешин, өнүгүшүн жана өркүндөтүлүшүн камсыз кылуу;»;
- а) төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма бешинчи жана жыйырма алтынчы абзацтар менен толукталсын:
«- Кыргыз Республикасында мамлекеттик жаштар саясатынын багыттарын жана өнүгүү приоритеттерин иштеп чыгуу;
- жаштарды патриоттук, руханий-ыймандык тарбиялоого, интеллектуалдык, чыгармачылык жана дене-бой жагынан өнүктүрүүгө багытталган максаттуу программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;»;
- в) пунктчасында: төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын: «илим жана илимий-техникалык иштер чөйрөсүндө реформалардын жүргүзүлүшүнө контролду камсыздоо»;
- в) төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
«- билим берүү ишинде лицензиялык талаптардын аткарылышын лицензиялык контролдоо»; сегизинчи абзацындагы «колдонмолорду» деген сөз «комплекстерди» деген сөз менен алмаштырылсын;
- г) пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
«- жумушсуздарды баштапкы кесиптик билим берүү деӊгээлинде кесиптик окутууну жана кайра окутууну уюштурат;
- д) пунктчасында: экинчи абзацы «билим берүүчү» деген сөздөрдөн кийин «жана илимий» деген сөздөр менен толукталсын; төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
«- иш чөйрөсүн тандоо, ишке орношуу жана керектүү кесиптер боюнча кесиптик билим алуу максатында жарандарга кесиптик багытты аныктоого колдоо көрсөтүү;»
- 7-пункту:
- төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
«- башка мамлекеттик органдардан, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан мамлекеттик жаштар саясатын ишке ашыруу жөнүндө маалыматтарды суроого;»;
- сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«- мыйзам менен аныкталган ыйгарым укуктардын чегинде билим берүү, илим жана жаштар саясаты тармагында эл аралык келишимдерди түзүүгө;»;
- тогузунчу абзацындагы «билим берүү жана илим» деген сөздөр «билим берүү, илим жана жаштар саясаты» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- он биринчи абзацы «билим берүү» деген сөздөрдөн кийин «, илим жана жаштар саясаты» деген сөздөр менен толукталсын;
- 11-пунктта:
- алтынчы абзацындагы «кадрлардын» деген сөз «кызмат орундардын» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын
: «- билим берүү жана илим системасынын кызматкерлерине карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик таасир этүү чараларын колдонот»; - он жетинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«- билим берүү, илим жана жаштар системасынын кызматкерлерин, ошондой эле Кыргыз Республикасында билим берүүнүн, илимдин жана жаштар саясатынын өнүгүүсүнө орчундуу салым кошкон башка кишилерди ведомстволук сыйлыктар менен сыйлайт»;
«- билим берүү, илим жана жаштар системасынын кызматкерлеринен талапкерлерди, ошондой эле билим берүүнүн, илимдин жана жаштар саясатынын өнүгүүсүнө орчундуу салым кошкон башка кишилерди Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого көрсөтөт»;
13-пунктта «13» деген цифралар «15» деген цифралар менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 17-пункт менен толукталсын:
«17. Министрлик жоюлган учурда документтер «Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр Т.А.Сариев