Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу кызматтары жөнүндө
“Жарандык коргонуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин аткаруу үчүн, Жарандык коргонуу жаатындагы иш-чараларды камсыздоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу кызматтарынын тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-декабрындагы № 327 “Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу кызматтары жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев