Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12-майындагы № 254 «Кыргыз Республикасында дене тарбия жана спортту өнүктүрүүнүн 2014-2017-жылдарга карата программасын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Дене тарбия жана спортту андан ары өнүктүрүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12-майындагы № 254 «Кыргыз Республикасында дене тарбия жана спортту өнүктүрүүнүн 2014-2017-жылдарга карата программасын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 2 жана 3-пункттарында ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги» деген сөздөр менен алмаштырылсын; жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында дене тарбия жана спортту өнүктүрүүнүн 2014-2017-жылдарга карата программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планында: - мамлекеттик тилдеги бүткүл текстте «Спорт агенттиги» деген сөздөр «Жаштар жана спорт агенттиги» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- расмий тилдеги бүткүл текст боюнча «ГАФКС» деген аббревиатура «ГАМФКС» деген аббревиатура менен алмаштырылсын;
- 2-пунктунда:
«Иш-чаралардын аталыштары» деген графадагы «колледжге» деген сөз «зээндүү балдар үчүн адистештирилген спорттук мектепке» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
«Аткаруу мөөнөтү» деген графадагы «2015-жылдын III-IV кварталдары» деген цифралар жана сөздөр «2016-жылдын III кварталы» деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4,9 жана 11-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
- 5-пунктунда: «Иш-чаралардын аталыштары» деген графадагы «Айыл өкмөттөрдүн штаттарына массалык дене тарбия жана спорт боюнча инструктордун бирдигин ачуу» деген сөздөр «Айыл өкмөттүн адистеринин бирине массалык дене тарбия жана спорт инструкторунун функцияларын жүктөө» деген сөздөр менен алмаштырылсын; «Ишке ашыруу формасы» деген графадагы «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы № 451 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому» деген сөздөр «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими» деген сөздөр менен алмаштырылсын; «Аткаруу мөөнөтү» деген графадагы «2015-жылдын II кварталы» деген цифралар жана сөздөр «2016-2017-жылдар» деген цифралар жана сөз менен алмаштырылсын;
- 15-пунктундагы «Аткаруу мөөнөтү» деген графадагы «2015-жылдын I кварталы» деген цифралар жана сөздөр «2016-жылдын III кварталы» деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын; - «Дене тарбия жана спортту башкаруу тутумун модернизациялоо» деген глава төмөнкүдөй мазмундагы 81, 82-пункттар менен толукталсын: «
81 | Спорттун оюндук түрлөрү боюнча олимпиадалык резервдеги республика-лык адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебин ачуу | Жаш-тар жана спорт агент-тиги-нин буйру-гу | 2016-жылдын I кварта-лы | Жаш-тар жана спорт агент-тиги | Беки-тилген бюджет-тин чегинде | Спорттун оюн түрлөрү менен машык-кандардын санын көбөйтүү, эл аралык спорттук аренада натыйжа-луулукту арттыруу |
82 | Баткен облусунун Лейлек районунда балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебин ачуу | Жаш-тар жана спорт агент-тиги-нин буйру-гу | 2016-жылдын I кварталы | Жаш-тар жана спорт агенттиги | Беки-тилген бюджет-тин чегинде | Дене тарбия жана спорт менен машык-кандардын санын көбөйтүү, чек ара аймакта-рын өнүктүрүү |
»;
- «Калкты, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды дене тарбия жана спорт менен туруктуу машыгууга шыктандыруу механизмдерин иштеп чыгуу» деген глава төмөнкүдөй мазмундагы 151, 152-пункттар менен толукталсын: «
151 | Кыргыз Республика-сынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин бюджетинде спартакиада-ларды өткөрүүдө байге фонду үчүн каражатты кароо | Кыргыз Респуб-ликасы-нын Өкмөтү-нүн буйругу | 2016-жылдын IV кварталы | Жаш-тар жана спорт агент-тиги | Бекитил-ген бюджет-тин чегинде | Дем берүү механизмдерин киргизүүнүн эсебинен дене тарбия жана спорт менен машык-кандарды көбөйтүү |
152 | Ден соолугунун мүмкүнчү-лүктөрү чектелген спортсмен-дердин жетишкен-диктери жөнүндө видеоролик-терди даярдоо жана көрсөтүүнү уюштуруу | Практи-калык иштер | 2016-жылдын II-III кварталдары | Жаш-тар жана спорт агент-тиги, ЖӨБ жана этнос-тор агент-тиги | Бекитил- ген бюджет-тин чегинде | Дене тарбия жана спорт менен машык-кан ден соолугу-нун мүмкүн-чүлүк-төрү чектелген адамдар-дын санын көбөйтүү |
»;
- «Дене тарбия жана спорт тармагын кесипкөй кадрлар менен камсыз кылуу» деген глава төмөнкүдөй мазмундагы 18-пункт менен толукталсын: «
18 | Спорт боюнча райондук инструктор-лордун жана айыл өкмөттөрүн-дөгү массалык дене тарбия жана спорт боюнча инструктор-лордун квалифика-циясын жогорулатуу курстарын уюштуруу | Жаштар жана спорт агентти-гинин буйругу | 2016-жыл-дын II-III квар-тал-дары | Жаштар жана спорт агенттиги, ЖӨБ жана этностор агенттиги | Бекитил- ген бюджет-тин чегинде | Регион-дордо спорт боюнча ишти жак-шыртуу |
»;
- Кыскартуулардын тизмесинде: мамлекеттик тилдеги текстте «Спорт агенттиги - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги» деген сөздөр «Жаштар жана спорт агенттиги - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
расмий тилдеги текстте «ГАФКС - Государственное агентство физической культуры и спорта при Правительстве Кыргызской Республики» деген аббревиатура жана сөздөр «ГАМФКС - Государственное агентство по делам молодежи, физической культуры и спорта при Правительстве Кыргызской Республики» деген аббревиатура жана сөздөр менен алмаштырылсын; мамлекеттик тилдеги текстте «Курулуш агенттиги - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги» деген сөздөр «ЖӨБ жана этностор агенттиги - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги» деген аббревиатура жана сөздөр менен алмаштырылсын; расмий тилдеги текстте «ГААСЖКХ - Государственное агентство архитектуры, строительства и жилищно-коммунального хозяйства при Правительстве Кыргызской Республики» деген аббревиатура жана сөздөр «ГАМСУМО - Государственное агентство по делам местного самоуправления и межэтнических отношений при Правительстве Кыргызской Республики» деген аббревиатура жана сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр Т.А.Сариев