Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу тутумунун мекемелериндеги соттолгон жана камакка алынган адамдарды материалдык-тиричилик жактан камсыз кылуунун минималдуу ченемдерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринде кармалган соттолгон жана камакка алынган адамдарды материалдык-тиричилик жактан камсыз кылуунун минималдуу ченемдерин белгилөө максатында, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 71-беренесине, “Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесине жана “Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
- Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу тутумунун мекемелериндеги соттолгон жана камакка алынган адамдарды кийим-кече менен жабдуунун минималдуу ченемдери 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу тутумунун мекемелериндеги соттолгон жана жазасын өтөп жаткан адамдардын кийим-кечегин оңдоо боюнча материалдардын чыгымдалышынын минималдуу ченемдери 2-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу тутумунун мекемелериндеги соттолгон жана камакка алынган адамдарды кийим-кече менен жабдуунун ченемдерин колдонуу боюнча көрсөтмө 3-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу тутумунун мекемелериндеги соттолгон жана кармалган адамдардын кийим-кече буюмдарынын сүрөттөлүшү 4-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу тутумунун мекемелери үчүн самын жана кир жуугуч каражаттардын берилишинин минималдуу ченемдери 5-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу тутумунун мекемелерин эмеректер, жабдуулар жана буюмдар менен камсыз кылуунун минималдуу ченемдери 6-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 28-мартындагы № 113 “Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын мекемелериндеги соттолгон жана камакка алынган адамдарды материалдык-тиричилик жактан камсыздоо нормаларын бекитүү жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 79 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун 5-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-майындагы № 278 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 28-мартындагы № 113 “Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын мекемелериндеги соттолгон жана камакка алынган адамдарды материалдык-тиричилик жактан камсыздоо нормаларын бекитүү жөнүндө” токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу” токтому.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр Т.А.Сариев