Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын ченемдик укук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Күчүн жоготту деп таанылсын: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 15-июнундагы № 262 «Илим жана жаӊы технологиялар боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик комитетинин түзүмүн өркүндөтүү жана материалдык-техникалык камсыздоо жөнүндө» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 13-апрелиндеги № 129 «Фашизмди Жеңиштин 50 жылдыгынын Фондусу жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 4-июлундагы № 259 «Кесиптик-техникалык атайын окуу жайларынын Жобосун бекитүү жөнүндө» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 12-сентябрындагы № 387 «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясынын бөлүнүштөрүн башкаруу схемасына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 10-апрелиндеги № 154 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө убактылуу жобонун долбоору тууралуу» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 14-апрелиндеги № 220 «Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык аймактарынын субъекттеринен салык боюнча жеӊилдиктер берилгендиги үчүн төлөмдөрдү эсептөө жана кармоо тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө» токтомунун 3-пункту.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр Т.А.Сариев