Айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркынын ченемдерин бекитүү жана алардын ордун толтуруу тартибинде келип түшкөн каражаттарды пайдалануу жөнүндө
Айыл чарба жерлерин которууда (трансформациялоодо) айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун суммасын эсептөө жол-жоболорунун ачыктыгын камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4 жана 6-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Айыл чарба жерлерин которууда (трансформациялоодо) айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу наркынын ченемдери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Айыл чарба жерлеринин категориясынан жерлерди которууда (трансформациялоодо) айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруудан алынган каражаттар:
- жаңы жерлерди өздөштүрүүгө; - иштетилүүчү жерлерди мелиорациялоого;
- кыртыштын күрдүүлүгүн жогорулатууга;
- жаңы жерлерди өздөштүрүү жана иштетилген жерлерди мелиорациялоо боюнча долбоордук-иликтөө иштерин аткарууга, алардын күрдүүлүгүн жогорулатууга пайдаланыла тургандыгы белгиленсин.
3. Алынбай калган пайда төмөнкү эсептерден компенсациялана тургандыгы аныкталсын: бир гектар сугат айдоо жери – 1760 сом, кайрак айдоо жери – 610 сом, жайыттар – 90 сом. Ошол эле учурда алынбай калган пайданын суммасы – 49 (жер участогу пайдаланууга берилген учурда) жана 99 (жер участогу менчикке берилген учурда) коэффициентин колдонуу менен эсептелет.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы ар бир айдын негизинде айыл чарба жерлерин башка категориядагы жерлерге которууда иш жүзүндө келип түшкөн каражаттардын мониторингин ишке ашырсын: республикалык бюджетке – айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруудан; жергиликтүү бюджеттерге – алынбай калган пайданын ордун толтуруудан.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 14-февралындагы № 66 “Айыл чарба жерлерин айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн берүүгө байланышкан айыл чарба өндүрүшүндөгү жоготуулардын ордун толтуруунун наркынын ченемдерин бекитүү жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 23-майындагы № 301 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-майындагы № 310 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү, толуктоо киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-майындагы № 291 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияны Өнүктүрүүнүн жана материалдык жактан камсыздоонун атайын эсеби тууралуу” токтомунун 5-пункту;
- “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 14-февралындагы № 66 “Айыл чарба жерлерин айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн берүүгө байланышкан айыл чарба өндүрүшүндөгү жоготуулардын ордун толтуруунун наркынын ченемдерин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-июнундагы № 370 токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-февралындагы № 75 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаменти жөнүндө жобонун 6-пунктунун он тогузунчу абзацы.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А.Сариев |