КР Өкмөтүнүн 2015 жылдын 31 декабрындагы № 895 токтому

 “Стрельникова атындагы мамлекеттик асыл тукум заводу” мамлекеттик ишканасын кайра уюштуруу жөнүндө 

Мамлекеттик  асыл тукум заводун натыйжалуу башкарууну камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 92-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 

1. “Стрельникова атындагы мамлекеттик асыл тукум заводу” мамлекеттик ишканасы  “Стрельникова атындагы мамлекеттик асыл тукум заводу” мамлекеттик мекемесине өзгөртүп түзүү жолу менен кайра  уюштурулсун. 

2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Кыргыз мал чарба жана жайыттар илимий-изилдөө институту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд менен  бирге “Стрельникова атындагы мамлекеттик асыл тукум заводу” мамлекеттик мекемесин Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин карамагына белгиленген тартипте өткөрүп берсин. 

3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги белгиленген тартипте: 

- “Стрельникова атындагы мамлекеттик асыл тукум заводу” мамлекеттик мекемесин өзүнүн карамагына кабыл алсын; 

- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен бирге кайра уюштурулуучу юридикалык жактын өткөрүү актысын бекитсин;

 - кайра уюштурулуучу юридикалык жактын уставын бекитсин;

 - кайра уюштурулуучу юридикалык жакты  юстиция органдарына мамлекеттик кайра каттоодон өткөрсүн; 

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго шайкеш келтирсин жана ушул токтомдон келип чыгуучу башка зарыл болгон чараларды көрсүн. 

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын  20-февралындагы № 140 “Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин башкаруу схемасы “Стрельникова атындагы мамлекеттик асыл тукум заводу” мамлекеттик мекемеси” позициясы менен толукталсын. 

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги №178  “К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген  К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин түзүмүндө:

 - “Аламүдүн районундагы  Стрельникова атындагы АТЗ” позициясы күчүн жоготту деп таанылсын; 

- Илим-изилдөө институттарынын (тажрыйба-селекциялык станциялардын, эксперименталдык, үрөнчүлүк чарбалардын, асыл тукум заводдордун жана таяныч пункттардын)  ведомстволук уюмдардын тизмесинин жана алардын дареги, жайгашкан ордунун “Мал чарбасы” бөлүмүнүн 2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын. 

6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө  жүктөлсүн.     

Премьер-министр                                                              Т.А.Сариев  

Тиркемелер

Басып чыгаруу