КР Өкмөтүнүн 2015 жылдын 27 октябрындагы № 754 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялар каскадын куруу жана иштетүү жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө

    2012-жылдын 20-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган,  Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 25-февралындагы № 31 Мыйзамы менен ратификацияланган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялар каскадын куруу жана иштетүү жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

  1. Ушул токтомдун тиркемесине ылайык 1338,16 га аянттагы жер участоктору, анын ичинде 1259,19 га - “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан жана 78,97 га - “Токой фондунун жерлери” категориясынан “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которулсун.
  2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү белгиленген тартипте жерди эсепке алуу документтерине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү камсыз кылсын.
  3. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн негизги объектилерди куруу каралган жер участокторун пайдалануу укугу “Электр станциялар” ачык акционердик коомуна 49 жыл мөөнөткө жана “Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялары” жабык акционердик коомунун уставдык капиталына салымдын бөлүгү катары кийин берүү үчүн Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялар каскадынын убактылуу объектилерин курууга - 15 жылга берилсин.
  4. “Электр станциялар” ачык акционердик коому ушул токтомдун                     1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участокторун пайдалануу укугун “Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялары” жабык акционердик коомунун уставдык капиталына салымдын бөлүгү катары берсин.
  5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, Нарын районунун мамлекеттик администрациясы жана өз алдынча башкаруу органдары ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрүшсүн.
  6. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги 2015-жылдын 15-декабрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, Нарын облусунун жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, “Электр станциялар” ачык акционердик коому, тийиштүү кызыкдар мамлекеттик органдар менен биргеликте жеке менчикте турган жер участокторун мамлекеттик менчикке учурдагы инфраструктураларды которуу мүмкүндүгү менен алууга (сатып алууга) байланыштуу чыгымдардын суммасын белгиленген тартипте аныктасын жана каржылоо үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берсин.
  7. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация  министрлиги жеке менчикте турган жана Жогорку Нарын ГЭСтер каскады курулуучу жер участокторуна алмаштыруу караштырылган жаңы жер участокторду өздөштүрүү максатында:

- 2015-жылдын 25-декабрына чейин жаңы жер участокторду өздөштүрүүгө долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгуу боюнча чараларды көрсүн жана чыгымдардын сметасын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берсин;

 - каржылоонун жыйынтыгы боюнча жаңы жер участокторун өздөштүрүү боюнча куруу-монтаждоо иштерин жүргүзсүн

. 8. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги: 

- ушул токтомдун 7-пунктунда көрсөтүлгөн иштерге финансылык каражат тапсын; - жеке менчикте турган жер участокторун учурдагы инфраструктураларды которуу мүмкүндүгү менен мамлекеттик менчикке алуу (сатып алуу) үчүн республикалык бюджеттен акча каражат бөлүү жөнүндө маселени иштеп чыксын. 

9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Нарын районунун мамлекеттик администрациясы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте жеке менчикте турган жер участокторун мамлекеттик менчикке алууну (сатып алууну) белгиленген тартипте ушул токтомдун тиркемесине ылайык жүргүзсүн, анын ичинде Нарын облусунун Нарын районундагы Орток айыл аймагында жайгашкан 3,38 га жерди Нарын районунун Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусунун жерлерине алмаштырсын. 

10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-сентябрындагы № 559 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялар каскадын куруу жана эксплуатациялоо жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу”, 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 534 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялар каскадын куруу жана эксплуатациялоо жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча андан аркы чаралар тууралуу” токтомдору жана ушул токтомдун 1-пункту менен которулган жер участоктор боюнча айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруунун наркы “Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялары” жабык акционердик коомунун уставдык капиталына кыргыз тараптын салымы катары өткөрүп берилип жаткан жер участокторду пайдалануу укугун баалоодо эске алынаары каралсын. 

11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 534 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялар каскадын куруу жана эксплуатациялоо жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча андан аркы чаралар тууралуу” токтомунун 7-пункту күчүн жоготту деп таанылсын. 

12. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 13. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.         

Премьер-министр                                                         Т.А.Сариев

Тиркемелер

Басып чыгаруу