Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялар каскадын куруу жана иштетүү жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун алкагында жерлерди берүүнү бүтүрүү боюнча чаралар тууралуу
2012-жылдын 20-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 25-февралындагы № 31 Мыйзамы менен ратификацияланган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялар каскадын куруу жана иштетүү жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
- 565,98 га аянттагы жер участоктору “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына тиркемеге ылайык которулсун.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жерди эсепке алуу документтерине белгиленген тартипте тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү камсыз кылсын.
- Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн, негизги объектилерди куруу каралган жер участокторун пайдалануу укугу “Электр станциялар” ачык акционердик коомуна 49 жыл мөөнөткө жана “Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялары” жабык акционердик коомунун уставдык капиталына салымдын бөлүгү катары кийин берүү үчүн Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялар каскадынын убактылуу объектилерин курууга - 15 жылга берилсин.
- “Электр станциялар” ачык акционердик коому ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участокторун пайдалануу укугун “Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялары” жабык акционердик коомунун уставдык капиталына салымдын бөлүгү катары берсин.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, Нарын районунун мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрүшсүн.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Нарын районунун мамлекеттик администрациясы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте жеке менчикте турган жер участокторун мамлекеттик менчикке алууну (сатып алууну) белгиленген тартипте ушул токтомдун тиркемесине ылайык жүргүзсүн.
- Ушул токтомдун 1-пункту менен которулган жер участоктор боюнча айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруунун наркы “Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялары” жабык акционердик коомунун уставдык капиталына кыргыз тараптын салымы катары өткөрүп берилип жаткан жер участокторун пайдалануу укугун баалоодо эске алынаары каралсын.
- Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
- Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр Т.А.Сариев