Кыргыз Республикасына эттин айрым түрлөрүн ташып келүү үчүн тышкы соода ишинин катышуучуларынын ортосунда тарифтик квоталардын көлөмдөрүн бөлүштүрүүнүн эрежелерин бекитүү жөнүндө
Евразиялык экономикалык комиссиянын 2015-жылдын 6-октябрындагы № 134 чечими менен тарифтик квоталар белгиленген айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ташып келүүнүн жол-жоболорун тартипке келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17- беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
- Кыргыз Республикасына эттин айрым түрлөрүн ташып келүү үчүн тышкы соода ишинин катышуучуларынын ортосунда тарифтик квоталардын көлөмдөрүн бөлүштүрүүнүн эрежелери аталган токтомдун 1-тиркемесине ылайык бекитилсин.
- Аталган токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
- Аталган токтом 2014-жылдын 23-декабрында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр Т.А.Сариев