Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу тутумун жогорку квалификациялуу кадрлар менен камсыз кылуу максатында, «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» жана «Муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-августундагы № 462 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын окутуу маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 4-пунктундагы «2015» деген цифралар «2016» деген цифралар менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы № 631 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын донорлордун каражаттарынын эсебинен окутууну координациялоо жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 4-пунктундагы «2015» деген цифралар «2016» деген цифралар менен алмаштырылсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр Т.А.Сариев